Уран объектилери боюнча долбоордун экинчи фазасы талкууланды

2018-жылдын 04-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризис абалын башкаруу борборунда “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун экинчи фазасын талкуулоо боюнча видеожолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин, Бишкектен министрликтин Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун директору, борбордун аймактык кафедрасынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун кызматкерлери катышышты.

ЕККУнун өкүлү Д. Прудцких катышуучуларды Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борбору жана Калдыктар сактоочу жайлар менен иштөө агенттиги менен иштөө боюнча уюмдун алдын ала түзүлгөн  планы менен тааныштырды жана долбоордун ишке ашуу процессиндеги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасынын жана Орхус борборунун ролуна кеңири токтолуп кетти.

Калдыктар сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директорунун орун басары А. А. Сейтказиева уран калдыктары сакталуучу объектилерди калыбына келтирүүнү ишке ашырууда Эл аралык уюмдар, ЕККУ менен кызматташууга агенттик даяр экендигин билдирди

Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жетекчиси полковник М. С. Бейшембиев борбордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, борбордун кызматкерлери үчүн аймактарга чыгып окууларды өтүүгө унаанын жоктугун айтып кетти.

Орхус борборунун директору К. Исабаев биргеликте иш алып барууга, тараптар уюштурган иш чараларга катышууга катышуучуларды чакырды  жана борбор менен иштөө тажрыйба алдын болгондугун белгиледи.

Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын жетекчиси подполковник Д. Садиков кафедранын Орхус борбору, жана башка Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы бар экендигин белгилеп, алар тарабынан граждандык коргонуу боюнча буклеттер, колдонмолор иштелип жана басылып чыккандыгы жана Ош шаарында кафедранын окуу залы жоктугун айтты. Д. Прудцких окуу залы жана унаа маселеси боюнча ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине кат менен кайрылууну сунуш кылды.

Жолугушуу аягында тараптар Жергиликтүү өзүн алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү жашоочулардын потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында радиациялык коопсуздук жана жарандык коргонуу жаатында аткарылып жаткан иш чаралар боюнча кызматташууга макулдашышты.

 

Ош шаарындагы Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *