Ысык-Көл Орхус борбору айыл өкмөттөргө тренинг өткөстү

11-ноябрь 2020-жылы Чолпон-Ата шаарындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жыйындар залында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган  «Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн укуктук негиздери. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу»-деген аталыштагы тренинг болуп өттү.

Аталган тренинг Ысык-Көл районунун айыл өкмөт башчылары үчүн уюштурулуп, негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар менен иш алып баруудагы кесиптик денгээлин жогорулатуу.

Тренингдин башталышында Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан   2019-2020-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды берди.

Тренингди өткөрүүгө экологиялык ишмердүүлүк жана жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча иш алып барган адистер У.Бектурганов жана Н.Асанова тренер катары тартылып, аларга төмөнкү техникалык тапшырмалар берилген.

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эклогоиялык укуктардын негиздери жөнүндө маалымат берүү;

-улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө;

-курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирлер;

-курчап турган чөйрөгө байкоо жүргүзүү;

-бузуулардын түрлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары;

-айыптардын түрлөрү.

Тренингдин күн тартибинде каралган 2- маселе боюнча У.Бектурганов Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдар, мыйзам алдындагы актылар  жөнүндө кенен маалымат берип, жаны кабыл алынган кодекстерде каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары, укук бузуулар боюнча каралган айып пулдардын суммаларын түшүндүрүп берди. Мындан сырткары экология жаатында Кыргыз Республикасы катышуучу болгон Эл аралык келишимдер, конвенциялар тууралуу айтып берди.

Н.Асанова санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана нормативдер,                 ишканалардын, курулмалардын жана башка обьектилердин   санитардык-сактоо зонасы жана санитардык классификациясы боюнча маалыматтарды берип, айыл өкмөттөрүндөгү көйгөйлүү болуп жаткан маселелер, таштанды таштоочу жайлардын, дарыялардын, көрүстөндөрдүн, ж.б обьектилердин санитардык сактоо зоналары боюнча түшүндүрүп берди.

Катышуучулар тарабынан конок үйлөрдүн, панстонаттардын тазалоо курулмалары, таштанды таштоочу жайлардын жерлерин трансформациялоо, ичүүчү таза суулар, пансионаттарды текшерүү боюнча комиссия түзүү тууралуу көптөгөн суроолор берилип, жооптор берилди. Катышуучулар тарабынан курчап турган чөйрө жаатындагы мыйзамдарды талкуулоого көп убакыт керектигин айтышып, мындай тренингдерди, жыйындарды коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүү керек экендигин белгилешти.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *