Ысык-Көл Орхус Борборунун эки иш-чарасы

Айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоонун алдында Ысык-Көл Орхус Борбору облустун коомчулугунун катышуусунда 2 эко-иш-чара өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндөгү” 2022-жылдын 26-апрелиндеги  № 131 жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык – Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 30-апрелиндеги №89  «2024- жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана ийгиликтүү өткөрүү жөнүндөгү тескемесин ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 4-июнунда  Чолпон – Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык -Көл» санаторийинин жыйындар залында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, КР ЖРЭТК министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы менен биргеликте, саркынды сууларды тазалоочу жайларынын  операторлору үчүн «Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алуу жайларынын тазалоо курулмаларын натыйжалуу пайдалануу, тазалоо курулмаларын техникалык тейлөөдөгү көйгөйлөр, чечүүнүн жолдору»  – аталыштагы окутуу семинары өткөрүлдү. Түшкү тамактан кийин семинардын катышуучулары  “Каприз” жана “Борбор”пансионаттарынын тазалоочу курулмаларына барып, алардын иштөөсү жана өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Ал эми 2024-жылдын 7-июнунда Ысык-Көл Орхус борбору Чолпон-Ата шаарында ишембилик өткөрдү.  Ишембиликке Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын кызматкерлери, «Тазалык» жана «Зеленстрой» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери, шаардын жана жакынкы айылдардын тургундары катышты. Жалпысынан ишембиликке 135 адам катышып, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүн, Ч.Айтматов аллеясын жана «Рух-Ордо» маданият үйүнүн жанындагы аймактарды иретке келтиришти. Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп, ар бир катышуучуга жабдуу (айыл чарбаа инвентарь), таштанды баштыктары жана кол каптар менен берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *