«Ысык-Көл районундагы пансионаттар, жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларынын абалы, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору»

2019-жылдын 14-майында Кара-Ой айылындагы «Ак бермет» пансионатынын жыйындар залында Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Ысык-Көл районундагы пансионаттар, жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларынын абалы, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору» деген аталышта тегерек стол болуп өттү.

Аталган тегерек столго Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин координатору Э.Пайзиев, Ысык-Көл, Тон райондору, Балыкчы Чолпон-Ата шаарлары боюнча Мамлекеттик экотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башкы инспектору М.Кыштобаев, Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борборунун башкы дарыгери М.Мамбетов, башкы адис Н.Асанова, «Бинтекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Т.Медербеков жана Ысык-Көл районундагы пансионаттар, жеке менчик конок үйлөрүнүн жетекчилери катышышты.

Тегерек столду Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан экология жаатында бир катар жакшы иштер жасалып жаткандыгын белгилеп кетти. Ысык-Көл районундагы пансионаттар менен жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларынын абалына токтолуп, Ысык-Көл көлүнүн тазалыгын, экологияны сактоо боюнча иштер дайыма жасалышы керектигин айтып, тегерек столдо көтөрүлгөн маселелер кагаз жүзүндө калбай ишке ашышы керектигин билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин координатору Э.Пайзиев катышуучуларга ЕККУ тууралуу кыскача маалымат берип, акыркы мезгилде жасалып жаткан иштерге токтолду.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-жылдагы аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Ысык-Көл, Тон райондору, Балыкчы Чолпон-Ата шаарлары боюнча мамлекеттик экотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башкы инспектору М.Кыштобаев Ысык-Көл районундагы пансионаттар, жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларынын абалы жөнүндө маалымат берди. Жаны кабыл алынган кодекстерге ылайык административдик тартип бузуулар үчүн салынуучу айыптарга токтолуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

«Бинтекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Т.Медербеков азыркы мезгилде пансионаттарга орнотулуп жаткан Чехияда жасалган «Топаз»  тазалоо курулмалары жөнүндө презентация жасады.

Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борборунун башкы дарыгери М.Мамбетов катышуучуларга санитардык-эпидемиологиялык нормалар боюнча кенири түшүндүрүп пансионаттарды жайкы эс алуу сезонуна даярдоо үчүн кандай документтер талап кылынаары жөнүндө маалыматтарды берди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан КУ-200, «Топаз» тибиндеги тазалоо курулмаларын иштетүү үчүн кесипкөй адистердин жетишпей жаткандыгын айтышып, операторлор үчүн окутуу семинарларын уюштурууну суранышты.

Жыйындын аягында катышуучулар «Ак бермет» пансионатына орнотулган «Топаз» үлгүсүндөгү тазалоо курулмасынын иштеши менен таанышып чыгышты.

Тегерек столдо көтөрүлгөн маселелерди карап, талкуулап чыгышып төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

1.Ысык-Көл районундагы пансионаттар жана жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларынын абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер алынып барылсын.

2.Пансионаттардын тазалоо курулмаларынын  операторлору үчүн окутуу семинарларын  уюштуруу жагы ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесине сунушталсын.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *