Ысык-көл жээгинин тазалоо боюнча акция

na-issyk-kule-provedena-aktsiya-po-ochistke-pribrezhnoj-zony-ozera
2015-жылдын 19-20-сентябрында Ысык-Көлдө “Таза Ысык-Көл” Коомдук уюму Бишкек шаарындагы Орхус Борбору менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Орхус Борборунун колдоосу астында Ысык-Көлдүн көл жээгинин Чолпон-Ата шаарынын тушундагы аймагын тазалоо боюнча акция өткөрүштү.
Катуу тиричилик калдыктарын тазалоодо «Таза Ысык-Көл» Коомдук уюмунун аквалангисттери, ошондой эле Кыргызстандан, Россиядан жана Казахстандан суу астында сүзүүнү сүйүүчүлөр катышты.Күндүн жаан болгондугуна карабастан 2 күндө бир канча кубометрди түзгөн таштандылар чогултулду. Негизинен пластикалык бөтөлкөлөр, керектелген пакеттер, ар кандай кийимдер, шезлонгдор, балдар оюнчуктары жана көптөгөн ар кандай нерселер чогултулду. Көл жээгин бойлото көлдүн түбүнөн чогултулгандардын бардыгы жыйналып жана шаардык администрация кызматынын өкүлдөрү тарабынан Чолпон-Ата шаарынын таштанды жайына чыгарылды.

Ушул сыяктуу акция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан ушул жылдын май айында туристтик мезгилдин алдында өткөрүлгөн жана анда ЕККУнун Бишкектеги Орхус Борборунун колдоосу астында Бишкек шаарындагы Орхус Борбору дагы катышкандыгын белгилей кетүүгө болот. Анда «Агарков» Жеке ишканасынын аквалангисттеринин жардамы менен Ысык-Көлдөн чоң көлөмдөгү таштанды алынып чыгарылган. Бул эки акция тең Ысык-Көлдү таза калыбында сактоого жергиликтүү калкты тартуу үчүн багытталган, көлгө аяр мамиле кылууга, Ысык-Көл областынын тургундары жана өлкөгө келген коноктордун көлгө түшүүсүнө коопсуз жагдай болуусу үчүн бардык зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө багытталган.

 

na-issyk-kule-provedena-aktsiya-po-ochistke-pribrezhnoj-zony-ozera
na-issyk-kule-provedena-aktsiya-po-ochistke-pribrezhnoj-zony-ozera1

na-issyk-kule-provedena-aktsiya-po-ochistke-pribrezhnoj-zony-ozera1

na-issyk-kule-provedena-aktsiya-po-ochistke-pribrezhnoj-zony-ozera1

na-issyk-kule-provedena-aktsiya-po-ochistke-pribrezhnoj-zony-ozera122

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *