Ысык-Көлдө «Планетаны таштандылардан тазалайбыз» акция өттү

 

2019-жылдын 25-сентябрында «Планетаны таштандылардан тазалайбыз» акциясынын алкагында Чолпон-Ата шаарынын шаардык пляжында ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын алдындагы «№2 Мамлекеттик резиденциясы» мекемесинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын эмгек жамааттары, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлеринин жана Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын катышуусу менен Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган тазалык акциясы болуп өттү.

Аталган акцияны Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев ачып, баардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күнү тазалык маселеси абдан көйгөйлүү болуп жаткандыгын белгилеп, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү сактоо үчүн баардык аракеттерди жумшашыбыз керектигин айтып, мындай иш чара Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткандыгына кубангандыгын билдирди жана дагы бир жолу акциянын катышуучуларына, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Экинчи болуп сөз алган ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин аскердик-саясий башкармалыгынын башчысы А.Елисеев, кесиптештери менен ушул акцияга катышып жаткандыгына өтө кубанычтуу экендигин айтып, Кыргызстандын, айрыкча Ысык-Көлдүн жаратылышына суктанаарын, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдү сактоо боюнча иштерди жасаш керектигин билдирди. Кийинки муунга таза жаратылышты, таза Ысык-Көлдү калтырыш үчүн жаш муундарга туура тарбия керектигин, ушундай акциялар, иш чаралар аркылуу элдин ан сезимин тарбиялап, жакшы жыйынтыктарга жетишсе боло тургандыгын айтып, баардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Андан ары акциянын  катышуучулары  3 топко бөлүнүп,  өзүлөрүнө бөлүнгөн аймактардагы таштандыларды тазалоо иштерине абдан активдүү катышышып, жыйынтыгында ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин кызматкерлери шаардык пляждан 500 кг жакын ар кандай таштандыларды чогултушуп, «Тазалык» ишканасынын атайын техникасынын жардамы менен чыгарылып кетти.

Акциянын экинчи жарымында катышуучулар, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери тарабынан шаардык пляжда көлдүн түбүн тазалоо иштерине күбө болушту. Бул жолу дагы дайверлер тарабынан көлдүн түбүнөн 400 кг жакын ар кандай таштандылар жана балык уулоочу торлор алынып чыкты. «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы А.Шамсутдинов катышуучуларга, фонд тарабынан аткарылган иштери, алдыдагы пландар тууралуу кыскача маалымат берип, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесине, Ысык-Көлдөгү Орхус борборуна ыраазычылык билдирди. Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду тарабынан Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо боюнча жакшы иштери жасалып жаткандыгын белгилеп, фонддун иштерине ийгилик каалап, катышуучулардын атынан ыраазычылык билдирди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *