Жаңы жыйнак

2020-жылдын 2-кварталында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы” 500 даанада басылып чыкты.

Бул жыйнак Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлеринин катышуусу менен даярдалды.

Жыйнакка Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы жаңы жана иштеп жаткан Кодекстери, Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору кирди.

Учурда жыйнак Экотехинспекциянын регионалдык башкармалыктарынын инспекторлоруна, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлерине таркатылууда.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *