Жалал-Абад облусундагы тренингдер

2019-жылдын 11-12-июлдарында Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында Экотехинспекциянын инспекторлору үчүн “Өндүрүштүк жана коомдук экологиялык мониторингди өткөрүү” деген темада  тренинг өткөрүлдү.

Бул иш чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус борбору жана Экотехинспекциясы менен биргеликте уютурулган.

Тренингде инспекциянын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак району, Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору (16 катышуучу), Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай кичи шаарчасы жана Токтогул району (11 катышуучу) боюнча аймактык башкармалыктарынын экологдору, жер, суу ресурстары, кен байлыктарды коргоо, тоо жумуштары жана өндүрүштүк көзөмөл боюнча инспекторлору жана экологиялык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Алдын, Орхус борборунун директору К. Исабаев ЕККУнун долбоору, Орхус борборунун ишмердүүлүгү боюнча кыскача айтып, тренерлерди катышуучуларга тааныштырды. Тренингди ЕККУнун Эл аралык консультанты А. Абдувалиев жана Улуттук консультанты Т. Неронова өткөрүштү.

Тренинг учурунда тренерлер катышуучулар менен биргеликте “Өндүрүштүк экологиялык мониторинг”, “Атмосфералык абаны коргоо”, “Суу ресурстарын коргоо”, “Таштандылар менен иш алып баруу жана жерди коргоо” жана “Коомдук экологиялык мониторинг” темаларын талкуулашты.

Тренинг суроо-жооп аркылуу өтүп, өндүрүштүк жана башка объектилерди текшерүүдө эмнеге көңүл буруу керек экендиги белгиленди. Катышуучулардан текшерүү учурунда кайсыл техникалык каражат зарыл болсо, ошолор боюнча консультанттарга маалымдашын белгилешти.

Жана катышуучуларга ЕККУнун  каржылык жардамы менен чыгарылган Текшерүү жүргүзүүдө инспекторлор үчүн колдонмо, “Мергенчлик минимуму” жана Коомдук экологиялык мониторинг жүргүзүү учурунда пайдалануучу Эскертме таркатылды.

Аягында К. Исабаев катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, курчап турган чөйрөнү сактоо маселеси боюнча кызматташууга чакырды.

Инспекторлорго катышкандыктары үчүн сертификат берилди.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *