Жаныбарларды коргоо күнү

2020 жылдын 4-октябрында Майлуу-Суу шаарындагы №4-инновациялык мектеп-гимназиясында “Жашыл патрулдар ” тайпасынын  мүчөлөрү жана окуучулары Жаныбарларды коргоо күнүнө карата “Жаныбарлар дүйнөсүн коргойбуз” багытында видео чакырык уюштурушту. Жашыл патруль тайпасын биология мугалими Р. Р. Мигазова жетектейт.

Иш чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык Кеңсесинин “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптардын катышуусун камсыз кылуу” долбоорунун алкагында Майлуу-Суу шаарында, Мин-Куш, Шекафтар айылдарында “Жашыл патрулдар” тайпаларын түзүү багытында ишке ашырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *