Жашыл Климаттык Фонддун (ЗКФ) колдоосу алдында КТЧКТЧМА жана ПРООН Улуттук ыңгайлашуу программасынын Стратегиясын иштеп чыгарат.

2017-жылдын  14-апрелинде  Бишкек шаарындагы Парк Отелининин конференц-залында «Жашыл Климаттык Фонддун (ЗКФ) колдоосунда  Улуттук ыңгайлашуу программасынын (НАП)  иштеп чыгарууну түзүү» боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган  тегерек стол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана  Кыргыз Республикасынын ПРООНдун Программасы тарабынан уюштурулган.

Тегерек столдун ишинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Коомдук уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын, ар кандай  Ассоциациялардын жана фонддордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы өздөрүнүн иш аракеттерин жүргүзгөн эл аралык институттардын өкүлдөрү болушту.

Тегерек столдун ишинин башталышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору  А.А.Рустамов жана  Кыргыз Республикасынын ПРООНдун туруктуу өкүлү   А.Н.Аванесов куттуктоо сөзү менен сөз сүйлөштү.

Рустамов А.А. өзүнүн сөзүндө  «Жашыл Климаттык Фонддун (ЗКФ) колдоосун алуунун эсебинен туруктуу өнүнгүү боюнча аракеттерди ишке ашыруу үчүн эбегейсиз мүмкүндүктөр боло тургандыгы жөнүндө ойлорун айтып өттү.

Ошондой эле, ал Климаттын өзгөрүүсүнө карата ыңгайлашуу боюнча жаңы мүмкүндүктөрдү жана чакырыктарды эске алуу менен  стратегиялык документтерди кайрадан карап чыгуу зарылдыгына токтолуп кетти.

А.Н.Аванесов өз сөзүндө аталган иш чараны өткөрүү маанилүүлүгүнө токтолуп кетти, жана ал көптөгөн өнөктөштөр бул жолугушууну колдоп жана ага катышып отургандарына ыраазы болгондугун билдирип кетти.

Ошондой эле, ал ПРООНдун командасын тааныштырып өттү, алар  НАПты иштеп чыгаруу боюнча даярдык көрүү иштерине катышаарын билдирди, өзгөчө  ПРООНдун квалификациялуу эл аралык консультант айымы Йовелди белгилеп өттү.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин   экологиялык стратегии жана саясат башкармалыгынын начальниги  Д.Э.Беккулова сүз сүйлөдү. Ал өзүнүн  презентациясын  «Кыргыз Республикасында Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун  Алкактык Конвенциясын жана  Париждик Макулдашууну аткаруу  боюнча иш аракеттерди ишке ашыруу  жана саясат» темасында алып барды жана өзүнүн  презентациясында ал Кыргыз Республикасында Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун  Алкактык Конвенциясынын милдеттенмелерин аткарылышы боюнча КТЧКТЧМА иш аракети жөнүндө маалыматка токтолуп кетти.

ПРООНдун «Курчап турган чөйрө Туруктуу өнүгүү үчүн» Программасынын координатору    В.В.Гребнев презентациясын «Кыргыз Республикасында Климаттын өзгөрүүсүнө карата ыңгайлашуу боюнча саясатты түзүү процессии»  темасы боюнча өткөрдү. Ал өз сөзүндө НАП стратегиясын иштеп чыгаруунун жүрүшүн жана 2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин, бардык кызыкдар болгон тараптар менен кызматташтыкты жүргүзүү жолдору тууралуу айтып берди.

– Ушул убакыт аралыгында, деп токтоло кетти ал өз сөзүндө,  НАПка даярдануу механизминин элементтери иштеп чыгарылды жана топтолду, анын максаттуу бөлүмдөрү аныкталды жана анын өзүнүн түзүлүү процессинин баштапкы документи пайда болду.

ПРООНдун квалификациялуу эл аралык консультант айымы Йовел тегерек столдун катышуучуларына ыңгайлашуу пландарын түзүнүн жолдорун жана башка өлкөлөрдөгү жетишкендиктердин мисалдарын келтирип маалымат ирээтинде түшүндүрүп берди. Өз  презентациясын «Улуттук ыңгайлашуу планын  (НАП) иштеп чыгуу процессин колдоо» темасында өткөрдү. Ал өз сөзүндө  НАП жөнүндө түшүндүрмө берүү менен, анын алдында койгон максаттары, милдеттери тууралуу маалымат берди, ошондой эле,   НАП боюнча документти иштеп чыгаруу  процесси тобокелдерди башкарууга салым кошоорун,  НАПты түзүүнүн жолдоруна жана өзгөчөлүктөрүнө токтолуп кетти жана башка өлкөлөрдөгү жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча мисалдарды айтып берди.

Аталган презентация жолугушуунун катышуучуларынын кызыгуусун пайда кылды, НАП боюнча документти иштеп чыгаруу процессине киргизүү үчүн, алар өздөрүнүн сын  пикирлерин, сунуштарын жана   рекомендацияларын билдирип кетишти.

Аталган тегерек стол  КР  НАП боюнча документти иштеп чыгарууга даярданууда биринчи кадамдардан болуп калат жана иш чаранын уюштуруучулары, катышуучуларды бул процесске катышууну каалагандардын бардыгынын сунуштарын карап чыгууну жана кызыкдар болгон тараптар менен кошумча жолугушууларды өткөрүүнү ишендирип кетишти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *