ЖМК менен кызматташуу

2019-жылдын 5-декабрында Ош шаарындагы Орхус борборунун ишмердүүлүгүнө арналган “Ынтымак” Коомдук теле-радио компаниясында “Трибуна” телеберүүсү болуп өттү.
Бул иш чарага борбордун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси Т. Жумабеков катышты. Ал борбордун ачылышы, Орхус конвенциясын ишке ашыруу, “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу”, “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорлорун ишке ашыруу, өнөктөштөр, жаштарга, ГИЭТБге, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө, ЖМКнын өкүлдөрүнө арналган и чараларга кеңири токтолуп, басылып чыгарылган экологиялык колодонмолор жөнүндө да айтып берди.
Мисалы, жаштардын аң сезимин жогорулатуу максатында акция, илимий-практикалык конференция жана дебаттар уюштурулгандыгын өзгөчө белгилеп кетти.
Экотехинспекциянын Кыргызстан боюнча аймактык башкармалыктарынын инспекторлоруна өндүрүштүк, экологиялык жана коомдук мониторинг боюнча тренингдер өткөрүлдү.
ЕККунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Курчап турган чөйрө жаатындагы укуктук ченемдик актылардын 3 томтон турган топтому, Мергенчилик минимум, Радиациялык коопсуздук, Бул нерсени бардыгыбыз билүүбүз керек деген колодонмолор, Мин-Куш поселогунда, Шекафтар айылында пландаштырылган рекультивация иш чаралар боюнча, Майлуу-Суу шаарында радондун таасирин азайтуу боюнча буклеттер басылып чыгарылды.
2019-жылдын март айында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ТВ, басылма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында конкурс жарыяланып, жыйынтыгы 5-ноябрь-журналисттердин кесиптик майрамы күнү чыгарылды.
Бул телеберүү Орхус борборунун “Ынтымак” ОТРКсы менен кызматташуусунун алкагында ишке ашырылды.

Борбордун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,
Т. Жумабеков.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *