Жумгал районунун Мин-Куш айылында радиациялык коопсуздук боюнча тренинг болуп өттү

2017-жылдын 27-октябрында Нарын областынын Жумгал районунун Мин-Куш айыл округунун Мин-Куш айылында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан коомчулуктун өкүлдөрү үчүн радиациялык коопсуздук боюнча тренинг өткөрүлдү.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору тренингти баштап, катышуучуларга Орхус Борбору, Орхус Конвенциясынын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы,  “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди жана маалыматты айыл округунун жашоочуларына таркатууда катышуучулардын ролу абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Тренингти Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк Бөлүмүнүн Медициналык көйгөйлөр институтунун илимий кызматкери Ж. Мадыкова өттү. Ал өзүнүн модулдарында радиациялык фон, анын ченемдери, уран калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, радиациялык калдыктардан сактануу, санитардык ченемдер жана уран калдыктарынын объектилериндеги эрежелер, радиациянын адамдын организмине тийгизген таасири, Медициналык көйгөйлөр институтунун ден-соолукту сактоо боюнча сунуштары, радиациялык коргонуу системалары жана Кыргызстандагы радиациялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдык базалар жөнүндө катышуучулар менен талкуу жүргүздү.

Орхус Борборунун кызматкерлери Т. Жумабеков жана А. Нарынбаев катышуучуларды Шекафтар, Мин-Куш айылдарындагы жана Майлуу-Суу шаарындагы уран мурастарынын объектилери жана радиациялык коопсуздук маселеси боюнча коомчулуктун катышуусу жөнүндө тааныштырышып, Шекафтар жана Мин-Куш айылдарындагы аяктап калган калыбына келтирүү жумуштарынын Техникалык-Экономикалык Негигиздөөлөрү жана Айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоо иштери жөнүндө маалымат беришти.

Тренингтин аягында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, аларга К. Исабаев жана Ж. Мадыковалар жооп беришти.

Ош шаарындагы Орхус борборунун  коомчулук менен иштөө адиси

 Т. Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *