Жыйнактарды жана колдонмолорду таркатуу

2017-2018-жылдарда Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан уюштурулган иш чаралар учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван-Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча аймактык башкармалыктарынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Ош, Жалал-Абад аймактык башкармаларынын токой чарбаларынан жана жаратылыш парктарынан Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актыларынын 3 томдук жыйнагын кайра басып чыгаруу жана таркатуу боюнча сунуштар түшкөн.

Жогоруда аты аталган мекеме уюмдардын суранычы Орхус борбору тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесине кабарланган. Жакында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен бул 3 томдук жыйнак кайра басылып чыгарылып Орхус борборунун кеңсесине жеткирилди.

Азыркы учурда 3 томдук жыйнак, радиациялык коопсуздук боюнча окуу куралы жана колдонмо Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыктарынын инспекторлоруна, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине, Ош мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун жана Ош технологиялык университетинин биология жана экология факультеттеринин студенттерине Орхус борбору тарабынан таркатылууда

 

Орхус борборунун коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *