5 – ИЮНЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨ КҮНҮ
2020-жылдын 5-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Ж. Бакиев атындагы Экологиялык паркында Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнүнө карата акция болуп өттү.
Бул иш чара Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан уюштурулуп, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондор аралык башкармалыктары менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык башкарууга жана жашыл экономикага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Мында Ош, Жалал-Абад шаарларынын Жаштар иштери боюнча комитеттеринин, Экотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынын, парктын, Жалал-Абад-Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана шаардын тургундары болуп 15 адам катышты.
Иш чаранын ачылышында Орхус борборунун директору К. Исабаев, экотехинспекциянын ага инспектору Д. Залимбеков, Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы И. Берхмаматов, Жалал-Абад шаарынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы К. Кимсановдор сүйлөштү.
Сөз сүйлөгөндөр бул акциянын маанилүүлүгүн белгилешип, жаштарды курчап турган чөйрө боюнча иш чараларга активдүү катышууга чакырышты. Катышуучуларга парктын түзүлүү тарыхы, жаштар жана студенттер үчүн уюштурулуп жаткан иш чаралар боюнча маалымат берилди.
Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Орхус борбору менен биргеликте комитеттин аткарган иш чаралары боюнча кыскача маалымат берди.
Акцияда парктын аймагы тазаланды, эки шаардын Жаштар иштери боюнча комитеттери таанышышты жана тажрыйба алмашышты. Жалал-Абад шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Орхус борбору менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Иш чаранын аягында Орхус борборунун кызматкерлери таштандыларга байланышкан көйгөйлөр, Бириккен Улуттар Уюму 2020-жылга жарыялаган “Жаратылыш убактысы” чакырыгы, 1972-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясы 5-июнду Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү деп жарыялагандыгы жана ушул күнү мамлекет башчылардын бүткүл дүйнөлүк Стокгольм конференциясы БУУнун курчап турган чөйрө боюнча атайын уюмун (UNEP) түзгөндүгү жөнүндө маалымат беришти.
Соңунда Орхус борборунун директору катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иштерине жана окууларына ийгилик каалады.
Коомчулук менен иш алып баруучу адис,
Тургунбек Жумабеков