Экологиялык журналистика конкурсу жарыяланды
Бишкектеги Орхус Борбору жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиге караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен журналисттер арасында «Эко-Журналист 2021» сынак жарыялат.
Сынак Орхус Борборунун тармагында каралган иш-аракеттер стратегиясынын негизинде өткөрүлүп, анда өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү, курчап турган чөйрөнүн абалын чагылдырууга, ошондой эле жашоо үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды чагылдырууга, жаратылыштын абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлдөөгө жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарнын катышуусун камсыздайт.
Ушул конкурстун максаты – Коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу, журналисттердин чыгармачыл жигердүүлүгүн колдоо, жаратылышты коргоо маселелерин чагылдырган экологиялык программаларда массалык маалымат каражаттарлардын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, курчап турган чөйрөнү адамдар үчүн жагымдуу абалда сактоонун көйгөйлөрү тууралуу маселелерди чагылдыруу.
Конкурска катышууга чакырылат:
– кыргыз массалык маалымат каражаттарлары;
– интернет басылмалары;
– ТВнын журналисттери;
– көз карандысыз авторлор;
– жаш журналисттер.
Конкурстун шарттары – Конкурска курчап турган чөйрөгө байланыштуу макала жазууга же очерк түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар бардык адамдар катыша алышат. Материал көрсөтүлгөн мөөнөттө Бишкек шаарынын жана Чуй аймактарында каалаган басылманын беттеринде жарыяланып, Кыргыз Республикасынын телеканалдарынын биринде көрсөтүлүшү керек. Материалдын көчүрмөсү жана көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат конкурстук комиссияга тапшырылат.
Сыйлоо
Конкурс (Сынак) 4 номинация боюнча жүргүзүлөт. Ар бир номинацияда 3 жеңүүчү болот (биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар). Ар бир жеңүүчү баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланат.
Конкурстун номинациялары
«Эң мыкты автордук чыгарма» (мезгилдүү ММК) |
«Интернет басылмасындагы эң мыкты эмгек»; |
«ТВдагы жана радиодо эң мыкты телеберүү» |
Конкурсту өткөрүү мөөнөтү:
– өткөрүү мөөнөтү (ММКда жарыялоо) 2021-жылдын 1-майдан 2021-жылдын 1-июл чейин;
– комиссияга материалдарды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2021-жылдын 1-июл, саат 17:00 чейин;
– материалдарды кароо – 2021-жылдын 2 июл 2021-жылдын 9-июл чейин;
– жеңүүчүлөрдү сыйлоо – 2021-жылдын июлда..
Катышуучулардын материалдары жиберүү дареги:
– материалдар «Эко-журналист 2021» белгиси менен aarhuscentre.kg@gmail.com электрондук дарегине гана жиберилет;
– суроолор болсо (0312)544110 шаардык жана 0770636538 мобилдик телефонго берсе болот