Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Региондор аралык башкармалыктары менен кызматташуу
2020-жылдын 17-августунда Ош шаарындагы Орхус борбору Экотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району жана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча региондор аралык башкармалыктарында жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда жетекчилик жана инспекторлор менен экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташуу маселери талкууланды. Катышуучулар Орхус борборунун ушул багыттагы ишмердүүлүгү менен кыскача таанышышты. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргеликте 2021-жылга аткарылуучу иш мерчеми талкууланды. Жолугушууда катышуучуларга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен 2020-жылы чыгарылган “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы” таркатылды.
Экотехинспекциянын башкармалыктарынын жетекчилиери жыйнак үчүн ыраазычылык айтышып, кызматташууга жана биргеликте аткаруу үчүн иш чаралар боюнча сунуштарын берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Коомчулук менен иш алып баруу боюнча адис,
Т. Жумабеков