“Левобережный-1” көмүр кенинде жана акиташ бышыруучу очоктор жайгашкан жерде мониторинг жүргүзүлдү
2018-жылдын 14-июнунда ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен Ош областынын Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылындагы “Левобережный-1” көмүр кени жана Папан айылындагы акиташ бышыруучу очоктор жайгашкан жердеги курчап турган чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлдү. Ага Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча эксперттер – И. Джакишева, Г. Сооронкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик Инспекциясынын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын башкы инспектору – А. Өмүрзаков, Папан айыл өкмөтүн жетектөөчү адиси – Ж. Нариев, Кожо-Келен айылынын айыл башчысы – Н. Үсөнов, Кожо-Келен айылынын тургундары – Р. Кумашов, С. Абжапаров, М. Исманов, А. Исаев жана Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун кызматкерлери – К. Исабаев жана Т. Жумабековтор катышышты.
Алдын эксперттер Папан айыл өкмөтүнүн кеңсесинде айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси Ж. Нариев жана Кожо-Келен айылынын башчысы Н. Үсөновтор менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда “Левобережный-1” көмүр кени жана акиташ бышыруучу очоктор жайгашкан жердеги курчап турган чөйрөнүн абалын талкуулашты. Талкуудан кийин эксперттер көмүр кенине жана акиташ бышыруучу очоктор жакка жөнөштү.
“Левобережный-1” көмүр кенинин абалы боюнча:
“Левобережный-1” көмүр кенинин таштандыларын жана карьерлерин изилдөөнүн жыйынтыгы бул жерде таптакыр калыбына келтирүү жумуштары жасалбагандыгын көрсөттү. Кожо-Келен айылынын борбордук көчөсүнөн 50 метр аралыкта иштетилген карьердин ордунда жамгырдын суусунан, эриген суудан же мүмкүн, булак суусунан пайда болгон үстүнкү бетинин аймагы 600 м2 болгон суу көлмө пайда болгон. Көлмөнун түштүк тарабынын узундугу болжол менен, 40 метрдей аралыгы Рабица тосмосу менен тосулган. Объекттин бардык тарабын эскертүүчү белгилерди орнотуу менен тосуу керек.
Бул тосулбаган көлмөнүн болушу жана 3 жерде жайгашкан жер көчкү жаракалары жергиликтүү жашоочуларга, айрыкча жаш балдар менен үй жаныбарларына коркунуч жаратат.
Мындан сырткары, көмүр кенинде аянты 60 м2 тузгөн көмүрдүн күйүп турган эки очогу жайгашкан. Бул очоктордон күйгөн көмүрдүн ыштары атмосферага таркоодо. Бул көйгөй жашоочуларды өзгөчө тынчсыздандырат. Себеби, эртең мененден түшкө чейин шамалдын багыты Кожо-Келенди көздөй согот, жана атмосфералык абанын курамында булганыч заттар кошо келет. Дагы бир тобокелчилик, катуу шамал жүргөндө күйүп жаткан очоктон жакын жагашкан жайыт жерлери өрттөнүп кетиши мүмкүн.
Жүргүзүлгөн мониторингтин жана биргеликтеги талкуунун негизинде катышуучулар төмөндөгүлөрдү сунуш кылышат:
– Папан айыл өкмөтү Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгы менен биргеликте алынган лицензиянын кендерди пайдаланууга болгон мөөнөтүн, уюмдун мыйзамдык катталуусун тактоо жана коопсуздукту билдирген белгилерди орнотуу менен бул участокту тосууну кенди иштеткен мекемеге милдеттендирүү;
– Бул көлмөгө адамдардын жана жаныбарлардын түшүп кетүүсүн алдын алуу максатында лицензиянын ээсинен карьердин калыбына келтирүү добоорун талап кылуу жана анын ишке ашышын көзөмөлдөө;
– Айыл өкмөтү жана Экологиялык жана Техникалык коосуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын биргеликтеги рейдин уюштуруу;
– Бул маселени чечүү боюнча тиешелүү органдарга каттарды даярдоо жана жөнөтүү.
Акиташ бышыруучу очоктордун абалы боюнча:
Папан айыл өкмөтүнүн Папан дарыясынын оң жээгинде 6, сол жээгинде 4 жана Папан-Ош жолунун сол тарабында 1 акиташ бышыруучу очоктор жайгашкан, баарысы болуп 11 мыйзамсыз курулган очоктор аныкталган. Очоктор эптемей ыкмалары менен курулган, электр энергиясы техникалык коопсуздуктар сакталбай тартылган жана ээлеринин тишелүү уруксат кагаздары жок. Өндүрүш калдыктары очоктордон алыс эмес жайгаштырылып, аймак катуу тиричилик калдыктары ташталуучу жайга айланган.
Жүргүзүлгөн мониторингтин жана биргеликтеги талкуунун негизинде катышуучулар төмөндөгүлөрдү сунуш кылышат:
– Очоктордун ээлери менен курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актылар, кенди пайдалануу жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү;
– Кенди пайдалануу жана акиташты бышыруу үчүн тиешелүү кагаздарды даярдоо боюнча сунуштар берилди;
– Айыл өкмөтү жана Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын акиташ бышыруучу бардык очокторго биргеликтеги рейдин уюштуруу;
– Очоктордун айлана тегерегин өндүрүштүк, курулуш материалдары таштандыларынан тазалоо жана очоктордун ээлеринен калыбына келтирүү жумуштарын жасоону талап кылуу;
– Жерге зыян келтирүү жана жер катмарын бузуу боюнча укуктук ченемдик актылардын талаптарынын негизинде чара көрүү.
Радиациялык фон:
Мониторинг жүргүзүү учурунда бардык объектилерде радиациялык фонду өлчөөлөр жүргүзүлдү. Радиациялык фон норманын чегинде: 12 мкр/сааттан 22 мкр/саатка чейин. Өлчөөлөр кесиптик “Эколог профи” дозиметр-радиометри менен өлчөндү. Дозиметрдин заводдук номуру №0375, чыккан күнү 2018-жылдын февраль айы, өндүрүүчү ООО “Ростехника”.
Бул мониторинг ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Экологиялык коосуздукка жана Кыргызстандагы жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.
Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иш алып баруучу адиси,
Т. Жумабеков