Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар айылында өткөрүлгөн иш чаралар

2020-жылдын 21, 22-сентябрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери Д. Прудцких жана М. Осмоновдор Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын №4-Ю. А. Гагарин атындагы, Шекафтар айылындагы Ю. А. Гагарин жана В. И. Ленин атындагы мектептеринде жолугушууларды өткөрүштү.

Ага мектептердин мүдүрлөрү, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, “Жашыл патрульдар”командаларына жооптуу мугалим-ыктыярчылар, сүрөтчү  Jose Rafael Vargas-Suarez, Орхус борборунун кызматкерлери, Майлуу-Суу жана Шекафтар Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун жетекчилери катышышты.

Жолугушууда Курчап турган чөйрө боюнча кенешчи Д. Прудцких катышуучуларга Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын социалдык гранттык программалары боло тургандыгын, ЕККУ өзүнүн программаларынын алкагында жаштар менен иш алып тургандыгын айтты жана экологиялык лидерлик мектебин уюштурууну, жашыл классты жаратууну, практикалык сабактарды уюштурууну, мисал учүн, балдар менен радиациялык фонду өлчөө, мектептерде ар кандай конкурстарды, радиациялык коопсуздук боюнча тренингдерди уюштурууну жана телеграмм-каналды түзүүнү сунуш кылды. Класстарды жана мектептерди жасалгалоо маселеси да талкууланды. Аягында Майлуу-Суу шаарындагы №4 – Ю. А. Гагарин атындагы мектептин биология мугалими Р. Мингазовага “Жашыл патрульдар” командасынын мүчөлөрү менен биргеликте Озон катмарын коргоо боюнча класстык саат өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

2020-жылдын 21-сентябрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкулдөрү Майлуу-Суу шаарында Майлуу-Суу шаарындагы Медициналык коллежддин мүдүрүнүн окуу иштери боюнча орун басары, тарых мугалими А. Травкинанын, сүрөтчү Jose Rafael vargas-Suarezдин, Калдыктар менен иштөө агенттигинин, Орхус борборунун кызматкерлеринин жана Майлуу-Суу Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчисинин катышуусунда атом өнөр жайынын музейин түзүү боюнча талкуу уюштурду.

Жолугушууда А. Травкина адамдар кандай шартта уранды казкандыктары, ошол маалда алар кандай шартта жашашкан, алар өздөрү кимдер болушкан, шаар кантип курулганы, кайсыл завод, фабрикалар иштегендиги тууралуу айтып берди. Талкуудан кийин катышуучулар музейди түзүүдө анын жардам берүүсүн суранышты.

2020-жылдын 22-сентябрында “ЛОИ” ЖЧКсынын Шекафтар айылындагы базасында жолугушуу болуп өттү. Ага ВИЗУТЕК кампаниясынын, “ЛОИ”ЖЧКсынын, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал-Абад территориялык башкармалыгынын, Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука жан Чаткал райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын, Калдыктар менен иш алып баруу агенттигинин, Орхус борборунун өкүлдөрү жанаШекафтар Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси катышышты.

Мында жергиликтүү жашоочуларды туура, так маалымат менен өз убагында камсыз кылуу маселеси талкууланды. Д. Прудцких жергиликтүү калкты керектүү маалыматтар менен камсыз кылып, аларга түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү керек экендигин айтты. Ал эми Калдыктар менен иштөө агенттигинин өкүлү маалымат таркатууда “ЛОИ” ЖЧКсы жана Шекафтар КЭМБ менен бирге иш алып баруу ниетин билдирди. Жана аларга аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалыматты депутаттардын отурумунда берип туруусу сунушталды. Курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал-Абад территориялык башкармалыгынын өкүлү калыбына келтирүү жумуштарына мониторинг жүргүзүлгөндө курамга жергиликтүү жашоочуларды кошуу керек экендигин белгиледи. Б. Ботобеков “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында КЭМБнун аткарган жумуштары менен катышуучуларды кыскача тааныштырды.

Катышуучулар маалымат тактайчаларынын абалы жана андагы материалдардын жаңыланып туруусу менен да таанышышты.

Соңунда ЕККУнун өкүлү БУУнун Өнүктүрүү программасынын чакан гранттарына конкурс жарыялангандыгын жана Шекафтар айылында радиациялык коопсуздук боюнча тренингдер уюштурула тургандыгын жарыялады.

 

Коомчулук менен иш алып баруу боюнча адис,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *