ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысынын жана өкүлдөрүнүн Ош шаарындагы Орхус маалымат Борборунун кызматкерлери менен жолугушуусу

2018-жылдын 15-майында Ош аарындагы Орхус маалымат Борборунун кеңсесинде ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи, доктор Пьер фон Аркстын катышуусу менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Башчынын Орун басары Валерну Киверь, Курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери бөлүмүнүн башчысы Нана Барамидзе, Курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча эксперт Д. Прудцких, Улуу программалык ассистент М. Осмонов, Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясынын Ош шаары боюнча Аймактык Башкармалыгынын Башчысынын орун басары К. Раимова жана Орхус Борборунун кызматкерлери: Директору – К. Исабаев, Административдик-каржылык ассистенти – Ж. Мурзабекова жана Коомчулук менен иш алып баруучу адис – Т. Жумабековдор катышышты.

Алдын ОБСЕнин өкүлдөрү Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясынын Араван-Ноокат райондору, Ош шаары боюнча Аймактык Башкармалыктары жана Орхус Конвенциясы боюнча Окуу борбору менен таанышышты.

Таанышуудан кийин борбордун директору К. Исабаев “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу”, “Диалог аркылуу экологиялык коопсуздукка жана табигый кырсыктардын тобокелчилигин төмөндөтүүгө салым кошуу”, “ОБСЕнин ишмердүүлүгү жүрүп жаткан аймакта табигый кырсыктардын жана коопсуздуктун тобокелчилигин  төмөндөтүү” жана “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды төмөндөтүү жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жолу менен Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорлорунун алкагында аткарылган жумуштар жөнүндө кыскача айтып берди. Бул долбоорлордун алкагында төмөндөгү натыйжаларга жетишилди:

  • Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар, Мин-Куш айылдарында Коомдук экологиялык маалымат борбору ачылды;
  • Майлуу-Суу шаарынын жана Шекафтар, Мин-Куш айылдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында уран мурастарынын объектилерин көзөмөлдөп туруу максатында Жумушчу комиссия түзүлдү;
  • Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар, Мин-Куш айылдарында 6 маалымат тактайчалары орнотулду;
  • Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясынын Аймактык Башкармалыктарына 3 маалымат тактайчалары орнотулду;
  • Долбоордун жыйынтыгы боюнча эки тасма тартылып, жергиликтүү каналдарда көрсөтүлдү;
  • Радиациялык коопсуздук боюнча 1 анимациялык тасма даярдалды;
  • Үч маалымат борборлорго 3 дозиметр-радиометр алынып берилди;
  • Радиациялык коопсуздук, тоо-кен трамагы боюнча ченемдик-укуктук актылар жана Орхус Конвенциясы боюнча көрсөтмө чыгарылды;
  • “Радиациялык коопсуздук жана коомдук катышуунун стратегиясы”, “Стратегиялык пландаштыруу”, “Коомдук мониторинг жана коомдук угуулар”, “Долбоорлорду иштеп чыгуу” жана “Тоо-кен тармагындагы ченемдик-укуктук актылар” темалары боюнча тренингдер өтүлдү. Бул тренингдер Орхус борборунун кызматкерлери жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Акдемиясынын Медициналык көйгөйлөр институтунун эксперттери тарабынан өтүлдү;
  • Курчап турган чөйрөгө мониторинг жана иштетилбей калган тоо-кен объектилерине изилдөөлөр жүргүзүлдү;
  • Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу боюнча тренингдер өтүлдү.

 

Тренингдерди, жолугушууларды жана маалымат таркатуу компанияларын өткөрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Мамлекеттик Экологиялык Тхникалык Инспекциясынын Аймактык Башкармалыктары жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой чарбасы агенттигинин Аймактык Башкармалыктары негизги өнөктөш катары катышышат. Аткарылган жумуштун жыйынтыгын жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талкууда Орхус борборунун алдындагы Консултациялык кеңеш активдүү катышат.

Долбоорлордун алкагында аткарылган иш-чаралар Кыргызстандын Орхус борборлорунун сайтына жайгаштырылат, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында чагылдырылат («Ынтымак» ТВ, «Ош Жанырыгы», «Уш Садоси» жана «Эхо Оша» областтык басылмалары).

Мамлекеттик Экологиялык жана Техникалык Инспекциясынын Ош шаары боюнча Аймактык Башкармалыгынын жетекчисинин орун басары К. Раимова ОБСЕге Орхус борбору аркылуу экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда, курчап турган чөйрөнүн абалына изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, инспекциянын жаш кызматкерлерине тренингдерди өтүүдө, Окуу борборун ачууда жана текшерүүлөрдү өткөрүүдө пайдалануучу жабдыктар менен камсыз кылууда  кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жана өндүрүш объектилеринде мониторингдин сапатын жакшыртуу үчүн приборлорду алууда Программалык кеңсенин башчысынан көмөктөшүүсүн суранды

Программалык кеңсенин башчысы К. Раимовага ыраазычылык билдирип, анын өтүнүчүн карап көрөрүн айтты.

Жана Орхус борборунун маалымат таркатуудагы, мамлекеттик органдар менен кызматташуудагы жакшы жетишкендиктерин айтып, маалымат таркатуу-бул долбоордун туруктуулугу деп белгиледи. Орхус Конвенциясы боюнча Эл аралык конференция Ысык-Көлдө өтүлүүсү пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө кеңсенин башчысы маалымат берди. Ал ушул конференцияга аткарылган иш чаралар боюнча презентацияларды, буклеттерди даярдоону Орхус борборуна сунуштады.

Программалык кеңсенин башчысы борбордун кийинки 3 жылдык стратегиясына кызыкты.

 

“Өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстандагы Орхус борборлорунун 2015-2018-жылга кабыл алынган өнүгүү стратегиясын тыкан анализдеп, алынган анлизге таянып, бардык кызыктар тараптардын сунуштарын эске алуу менен кийинки 3 жылдык өнүгүү стратегияны кабыл алуу керек”-деп, Орхус борборунун директору К. Исабаев жооп берди. Анын оюу боюнча: Мамлекеттик Экологиялык жана Техникалык Инспекциясы, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой чарба Мамлекеттик агенттиги менен биргеликте көз карандысыз мониторигди күчөтүү, калкты жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарга окутуу керек. Ушул учурда Мин–Кушта, Каджы-Сайда калыбына келтирүү жумуштары башталды. Андыктан, эл менен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен маалыматты таркатуу, радиациялык коопсуздукка окутуу, жумуштун баштапкы этабынан баштап калкты катыштырууну камсыз кылуу керек.

Программалык кеңсенин башчысы борбордун директорунун жообуна макул болуп, аткарылган иш чараларды эске алып, жаңы өнүгүү стратегияны кабыл алууну сунуштады.

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы төмөндөгү ченемдик укуктук актыларынын жыйнагын кайра басып чыгууну талкуулашты:

  1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын топтому. 1- Том. Кодекстер жана Мыйзамдар. Бишкек – 2016.
  2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», I-бөлүм, Бишкек – 2016.
  3. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», II-бөлүм, Бишкек – 2016.

Специалист по работе с общественностью,

 

Тургунбек Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *