Ош шаарында жана Баткен, Жалал-Абад областтарынын Токтогул, Аксы жана Кадамжай райондорунда Орхус борбору тарабынан өткөрүлгөн тренингдер жөнүндө маалымат.

2016-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад областынын Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын актылар залында Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу астында Ош шаарындагы Орхус Борбору тарабынан семинар-тренинг уюштурулуп өткөрүлдү. Өткөрүлгөн семинар-тренингдин программасында Аксы районундагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнө байланышкан маселелер камтылган. Бул иш чарага 34 адамдын катышуусу болду, алар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын адистери, райондук токой чарбаларынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын адистери, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл кеңешинин депутаттары, айыл округунун өкүлдөрү, Жалал-Абад аңчылар коомунун, жамаатардын жана жаштар комитеттеринин мүчөлөрү.

informatsiya-o-provedennyh-treningov-orhus-tsentrom-v-g-osh-v-toktogulskom-aksyjskom-i-kadamzhajskom-rajonah-batkenskoj-i-dzhalal-abadskoj-oblastyah

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев тренингдин катышуучуларын Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун иш аракети менен тааныштырды. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери Аксы районундагы жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер жөнүндө баяндап беришти жана мыйзам бузуу фактыларына токтолуп кетишти, ошондой эле, райондук коомчулук менен биргеликте жаратылышты коргоону күчөтүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышты. Андан кийин семинардын тренери 13.03.2014-ж. № 41 «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жоболору жана башка ченемдик укуктук актылар жөнүндө айтып берди. Тренингдин катышуучуларында браконьерлерди кармоо жөнүндөгү көрсөтүлгөн видеоматериал жана андагы инспекторлордун тиешелүү актыларды жана протоколдорду түзүүдөгү аракеттери кызыгуунун пайда кылып, аталган материалды кызуу талкуулашты. Жалал-Абад областтык аңчылар коомунун аңчы-юристи Р.Сулайманов семинар-тренингдин катышуучуларынын көп сандаган суроолоруна жооп берди.

«Алан-Тоо жамааты» коомдук бирикмесинин жетекчиси Н.Тургуналиев жамааттын иш аракети жөнүндө жана «Батыш Тянь-Шанда маралды реинтродукциялоо» долбоорун ишке ашыруу тууралуу айтып берди. Семинар-тренингдин жүрүшүндө Авлетим айыл округунун жаштары активдүү катышышты, алар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына өздөрүнүн айыл округунун аймагында «Токойду кыюуга жана аңчылыкка моратория киргизүү жөнүндө» кайрылууну округдун жашоочуларынын атынан демилгелешти. Аталган документтин жана жергиликтүү калктын колу коюлган тизменин көчүрмөсү Орхус Борборунун директоруна тапшырылды.

2016-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад областындагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу астында Ош шаарындагы Орхус Борбору тарабынан уюштурулган тренинг өткөрүлдү. Тренингдин темасы:«Кыргыз Республикасынын тоо кен казуу өндүрүш тармагындагы ченемдик укуктук актылардын анализи» деп аталды.

Тренингдин ишине 25 адамдын катышуусу болду, анда райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери жана адистери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токтогул райондук токой чарбасынын адистери жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери, айыл Кеңешинин депутаттары, айыл округунун башчысы жана өкүлдөрү, райондук тиешелүү кызматтардын адистери катышышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев тренингдин катышуучуларын кызуу куттуктады жана ошондой эле, Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун иш аракети менен тааныштырды. Токтогул району, Каракөл жана Таш-Көмүр шаарлары боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкы адиси Б.Жапаров райондогу тоо кен казуу өндүрүш ишканаларынын иш аракети, кен иштетүүгө лицензиялары бар компаниялар жана региондогу тоо кен өндүрүү өнөр жайынын көйгөйлөрү тууралуу толук маалыматты айтып берди. Тренер Г.Сооронкулов тренингдин катышуучуларын Кыргызстандагы тоо кен казуу өндүрүшүнүн өнүгүү тарыхы менен тааныштырып кетти, ал 12.08.2012-ж. № 160 «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жоболору жана башка ченемдик укуктук актылар жөнүндө айтып берди. Токтогул районундагы тоо кен казуу өндүрүш тармагы өнүгүү деңгээлинде тургандыгына байланыштуу, тренингдин катышуучуларынан кен иштетүүгө лицензияларды берүү эрежелерине, социалдык пакеттерге, рекультивация жүргүзүүгө, тоо кендеринин объекттерин консервация кылууга жана ишин токтотуп коюуга тиешелүү жана  өндүрүш тармактарынын ишинин жүрүшү ачык айкын болуусун демилгелөөгө карата, ошондой эле мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери жөнүндө көптөгөн суроолор түштү.

 

informatsiya-o-provedennyh-treningov-orhus-tsentrom-v-g-osh-v-toktogulskom-aksyjskom-i-kadamzhajskom-rajonah-batkenskoj-i-dzhalal-abadskoj-oblastyah

informatsiya-o-provedennyh-treningov-orhus-tsentrom-v-g-osh-v-toktogulskom-aksyjskom-i-kadamzhajskom-rajonah-batkenskoj-i-dzhalal-abadskoj-oblastyah

 

Райондогу жарандык коомдун тынчын Чолпон-Ата айыл округунун аймагында майдаланган алтын кенин казып алууга лицензия алган «Касана Минералз» жоопкерчилиги чектелген уюмдун иш аракети алууда. Жергиликтүү тургундарды курчап турган чөйрөнү коргоого байланышкан (суулардын булганышы, токойлордун кыйылышы, суу-коргоо зонасынын бузулушу ж.б.) маселелер жана радиациялык фондун өзгөрүүсү менен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет деген коркунуч тынчсыздандырууда.

Тренингдин экинчи бөлүмүндө тренингдин катышуучулары тоо кен казуу өндүрүш тармагынын бюджетин түзгөн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө байланыштуу маселелерди талкуулашты. Айтылган материалдардын жеткиликтүү болушу максатында төлөмдөрдү эсептөө, лицензияларды, бонустарды, роялтилерди, салыктарды жана башка төлөөлөрдү жүргүзүү боюнча мисалдар келтирилди. Мындан тышкары, өлкөнүн деңгээлинде тоо кен казуу өндүрүш тармагынан түшкөн төлөөлөр, кирешелер жана салыктарды бөлүштүрүү тууралуу жана башка өлкөлөрдүн мисалында тоо кен казуу өндүрүш тармагынан бюджетке түшкөн төлөөлөрдүн салыштырма мүнөздөмөсү жөнүндө слайддар көрсөтүлдү.

Тренингдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги тарабынан даярдалган «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору менен таанышып чыгышты. Талкуунун жүрүшүндө жана тренингди жыйынтыктоодо катышуучулардан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы жер үстүндөгү сууларды коргоо жөнүндө» токтомуна суу коргоо зонасынын сакталышы, ошондой эле кум карьерин Үч-Терек айыл округунун балансына өткөрүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар түштү.

2016-жылдын 26-июлунда Баткен областындагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын инвестицияларды тартуу боюнча Консультациялык Кеңешинин кичи залында Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу астында Ош шаарындагы Орхус Борбору тарабынан уюштурулган тренинг өткөрүлдү. Тренингдин темасы: «Кыргыз Республикасынын тоо кен казуу өндүрүш тармагындагы ченемдик укуктук актылардын анализи» деп аталды.

Тренингдин ишине 25 адамдын катышуусу болду: ага райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери жана адистери, Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери, Агрардык өнүгүү Департаментинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук адистери, Орозбеков жана Майдан айыл Кеңешинин депутаттары, айыл округунун башчысы жана өкүлдөрү, райондук тиешелүү кызматтардын адистери жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев тренингдин катышуучуларын Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө маалымат менен ошондой эле, Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун иш аракети менен тааныштырды.

Тренингдин ишине 25 адамдын катышуусу болду: ага райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери жана адистери, Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери, Агрардык өнүгүү Департаментинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук адистери, Орозбеков жана Майдан айыл Кеңешинин депутаттары, айыл округунун башчысы жана өкүлдөрү, райондук тиешелүү кызматтардын адистери жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев тренингдин катышуучуларын Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө маалымат менен ошондой эле, Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун иш аракети менен тааныштырды.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай бөлүмүнүн башкы адиси А.Султанов райондогу тоо кен казуу өндүрүш ишканаларынын иш аракети, кен иштетүүгө лицензиялары бар компаниялар жана региондогу тоо кен өндүрүү өнөр жайынын көйгөйлөрү тууралуу толук маалыматты айтып берди.

Тренер Г.Сооронкулов тренингдин катышуучуларын Кыргызстандагы тоо кен казуу өндүрүшүнүн өнүгүү тарыхы менен тааныштырып кетти, ал 12.08.2012-ж. № 160 «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жоболору жана башка ченемдик укуктук актылар жөнүндө айтып берди. Кадамжай районундагы тоо кен казуу өндүрүш тармагы өнүгүү деңгээлинде тургандыгына байланыштуу, тренингдин катышуучуларынан кен иштетүүгө лицензияларды берүү эрежелерине, социалдык пакеттерге, рекультивация жүргүзүүгө, тоо кендеринин объекттерин консервация кылууга жана ишин токтотуп коюуга байланыштуу, өндүрүш тармактарынын ишинин жүрүшү ачык айкын болуусун демилгелөөгө карата, ошондой эле мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери жөнүндө көптөгөн суроолор түштү.

Райондогу жарандык коомдун тынчын Майдан айыл округунун аймагындагы Шамбесай кенинен алтын казып алууга лицензия алган «Z-EXPLORER» жоопкерчилиги чектелген уюмдун иш аракети алууда. Жергиликтүү тургундарды курчап турган чөйрөнү коргоого байланышкан маселелер жана алтын иштеп чыгаруучу фабриканын адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири тынчсыздандырууда.

informatsiya-o-provedennyh-treningov-orhus-tsentrom-v-g-osh-v-toktogulskom-aksyjskom-i-kadamzhajskom-rajonah-batkenskoj-i-dzhalal-abadskoj-oblastyah

 informatsiya-o-provedennyh-treningov-orhus-tsentrom-v-g-osh-v-toktogulskom-aksyjskom-i-kadamzhajskom-rajonah-batkenskoj-i-dzhalal-abadskoj-oblastyah

Ошондой эле, тренингдин катышуучулары тоо кен казуу өндүрүш тармагынын бюджетин түзгөн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө байланыштуу маселелерди талкуулашты. Айтылган материалдардын жеткиликтүү болушу максатында төлөмдөрдү эсептөө, лицензияларды, бонустарды, роялтилерди, салыктарды жана башка төлөөлөрдү жүргүзүү боюнча мисалдар келтирилди. Мындан тышкары, өлкөнүн деңгээлинде тоо кен казуу өндүрүш тармагынан түшкөн төлөөлөр, кирешелер жана салыктарды бөлүштүрүү тууралуу жана башка өлкөлөрдүн мисалында тоо кен казуу өндүрүш тармагынан бюджетке түшкөн төлөөлөрдүн салыштырма мүнөздөмөсү жөнүндө слайддар көрсөтүлдү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *