Ош жана Майлуу-Суу шаарларындагы Кыргыз Республикасында жайгашкан уран калдыктары боюнча өткөн жолугушуулар жана медиа сапарлар
2019-жылдын 24-25-октябрында Ош жана Майлуу-Суу шаарларында төмөндөгү уюмдардын жана ММКлардын өкүлдөрү катышкан жолугушуулар жана медиа сапарлар болуп өттү:
- Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр ММКлары –Германия радиосу, Дүйнөлүк ядролук жаңылыктар, Асахи Симбун япония гезити, Рейтер жаңылыктар агенттиги, Zuercher жаңы гезити жана Кыргызстандан – ЭлТР, КТР, ЖТР;
- ӨКМ, КРнын ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттиги;
- Майлуу-Суу шаарынын мэри жана граждандык коомдун өкүлдөрү;
- Европа биримдиги;
- Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы;
- Висутек компаниясы;
- ЕККУ;
- ООНдун өнүктүрүү программасы.
Сапардын максаты Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары менен ордунан таанышуу, уран калдыктарынын жана тоо тектердин жаратылыш кырсыктарга байланышкан тобокелчиликтер абалын көрүү жана долбоордун алкагындагы жасалган жана жасала турган жумуштарды аныктоо болуп саналат.
Сапар “Айлампа-Сай” капчыгайындагы № 1, 2, 4 жана 13-чү калдык сактоочу жайларды көрүү менен башталды. Висутек компаниясынын жана агенттиктин өкүлдөрү катышуучуларды долбоордун алкагында жасалган жана жасала турган жумуштар менен тааныштырышты. Андан кийин катышуучулар Сары-Бээ айыл өкмөтүндө жайгашкан № 5, 6, 7-чи калдык сактоочу жайларда болушту. Алар калдык сактоочу жайлардын абалы жана № 3-калдык сактоочу жайдын № 6-калдык сактоочу жайга көчүрүлгөн пилоттук долбоор менен таанышышты.
Кийин катышуучулар № 8, 20, 21-калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышышты. Иш сапардын аягында алар калктуу пукттан 3 км аралыктагы Көлмөн-Сай капчыгайында жайгашкан №11-калдык сактоочу жайда болушту.
Иш сапар учурунда Орхус борборунун жана Майлуу-Суу шаарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун кызматкерлери калдык сактоочу жайлардагы радиациялык фонду өлчөшүп, катышуучуларга маалымат берилип турду.
Медиа-сапардын катышуучулары Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары сакталуучу жайлар жөнүндө толук маалымат алышты. Висутек компаниясынын, ӨКМнин, Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин өкүлдөрүнө жана шаардын мэрине көптөгөн суроолор берилип, жооптор алынды.
Майлуу-Суу шаарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси, Мамасалиев А.Э.
28.10.2019 г.