Суу ресурстарын башкарууга аялдардын катышуусу боюнча семинар

2020-жылдын 12-октябрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Hyde Park» мейманканасынын жыйындар залында “Кыргызстандын аялдарынын суу ресурстарын башкарууга катышуусу” деген темада семинар болуп өттү. Бул семинар Бишкектеги Орхус Борбору жана “Кыргызстандын Суу боюнча Өнөктөштүк” коомдук уюму тарабынан, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен уюштурулду. Бул семинар COVID 19 оорусунун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын штабтын тарабынан бекитилген санитардык ченемдерди сактоо менен өттү.

Семинарга курчап турган чөйрөнү коргоо жана суу кызматтарынын, ЖОЖдордун өкүлдөрү, көз карандысыз экологтор, Кыргызстандын УСӨнын кызматкерлери катышты. Семинардын негизги темасы турмуштун бардык тармактарында суу ресурстарын пайдаланууну башкарууга аялдардын бүгүнкү шарттарга катышуу маселелерин талкуулоо болду. Аялдар өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн үй жумуштарына арнап, коомдук чөйрөгө катышууга көп убакыт бербей журшөт. Жана аялдардын көптөгөн социалдык-экономикалык тармактарга катышуусу коомдун турукташуусу үчүн чоң мааниге ээ. Бул семинар аялдардын катышууга жана өзүлөрү үчүн да, коом үчүн да маанилүү чечимдерди кабыл алууга кызыгуусун көрсөттү.

Семинардын аягында бардык катышуучуларга семинардын уюштуруучуларынын атынан сертификаттар жана белектер тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *