Таласта экологиялык билим берүү
Бишкектеги Орхус Борбору 4-жыл катары Талас облусунун мектептеринин арасында экологиялык билим берүү курстарын өткөрүп жатат. Быйыл бул курс Кара-Бура районунун 26 мектебинин арасында өткөрүлдү.
Жалпысынан Кара-Бура районунун мектептеринде 15 миңден ашык окуучу билим алат. Экологиялык окуу курсуна 2553 мектеп окуучусу катышты. Аларга аймактагы экологиялык көйгөйлөр боюнча окуу курсу тартууланды. Тренингди Орхус борборунун эксперт-консультант Т.Момункулова өткөрдү. Ал балдарга аймактын айлана-чөйрөсүндөгү иштердин абалы, кандай экологиялык көйгөйлөр бар жана аны ар бир адам үчүн жагымдуу формада сактоого кантип катышуу керектиги тууралуу маалымат берди.
Тренингдин жүрүшүндө практикалык сабактар да оюн жана сынак түрүндө өткөрүлдү. Курстун аягында балдарга экология темасында видеороликтер көрсөтүлдү.