Ысык-ата районундагы Кант шаарында «Орхус конвенциясы-курчап турган чөйрөнү коргоонун жана сактоонун аспабы” темасында өткөрүлгөн тегерек стол.
2015-жылдын 23- июнунда Чүй областынын Ысык-Ата районунун Кант шаарынын китепканасынын имаратында «Орхус Конвенциясы-курчап турган чөйрөнү коргоонун жана сактоонун аспабы”темасында тегерек стол өткөрүлдү, ал Бишкек шаарындагы ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан өткөрүлдү.
Тегерек столдун ишине райондук мамлекеттик администрациянын түзүмдөрү, ММК, ӨЭУ, коомдук уюмдар, коомдук фонддор жана жарандык коомдор катышышты. Орхус Конвенциясынын милдеттери жана принциптери жөнүндө берилген маалыматтан кийин, Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун иши жөнүндө, анын алдыдагы Кыргыз Республикасында 2015-2018 –жылдарга Орхус Борборлорунун өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча милдеттери жөнүндө маселелер каралды. Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жана Чүй областындагы курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери каралды.
Катышуучулардын негизги тынчын жана көңүлүн региондогу өнөр жай ишканаларынан чыккан булгоо көйгөйү ээледи. Анткени, өнөр жай калдыктары жана туш келди жерлерде пайда болуп жаткан таштандылар санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын түзүлүшүнө жана экологиялык коопсуздукка алып келет. Ушуга байланыштуу, катышуучулар тарабынан аталган көйгөйгө негизги көңүлдүн бөлүнүшү керектиги айтылды жана буга тиешелүү кызматтар тарабынан аракеттер көрүлүшү зарыл экендиги белгиленди.
Ошондой эле, Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактоо маселеси активдүү талкууланды. Областтын тургундары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган маселе кандай талкууланып жаткандыгы жана анын кантип кабыл алынышы тууралуу иштин жүрүшүнө көңүлдөрүн буруп байкап турушат.
Талкуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычында суунун толтурулушу жөнүндө маселе көтөрүлдү. Аталган маселе коомчулуктун тынчсыздануусун пайда кылууда, анткени бул маселе кыш мезгилинде электроэнергия менен камсыз кылууга жана электр жарыгын керектөөгө баанын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Тегерек столдун аягында бир катар катышуучулар тарабынан аталган иш чараны өткөргөндүгү үчүн алкыштар жана иш жөнүндө жылуу пикирлер билдирилди.