Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандылардын дагы бир тазалоо

8-октябрь 2020-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көл районунун Кара-Ой аылындагы «Алтын-Көл» жана  «Евразия» пансионаттарынын пляжында тазалык акциясын өткөрүштү.

Бул тазалык акциясы «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте 2020-жылга каралган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү. Бул жолку акцияда дагы фонддун дайверлери көлдүн түбүнөн  36 мешок – 700 кг га жакын ар кандай таштандыларды алып чыгышты.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун кызматкерлери жээкте тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү өткөрүлгөн тазалык акциясы 2020-жылга белгиленген иш-чаралардын акыркысы болду, кийинки иштер 2021-жылы улантылмакчы.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *