Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөү коргоо күнүнө карата акция уюштурулду.

5-июнь 2024-жылы Ош шаарындагы Орхус Борбору Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ) дендрологиялык паркында акция уюштурду.

Бул иш-чарага ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин кафедра башчылары, окутуучулары студенттери жана Орхус Борборунун адистери болуп жалпысынан 15 киши катышты.

Катышуучуларга 5-июнь «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөү коргоо күнү» жөнүндө кеӊири маалыматтар берилди.  

Уникалдуу жаратылышты коргоо жана келечек муундарга сактап калуу максатында уюштурулуп жаткан иш-чараларды жогорку денгээлде уюштурууга көмөк көрсөтүп, жаштарга экологиялык билим берүүдө чоӊ салымын кошуп жаткан мугалимдерге Орхус Борборунун жана Ош шаарындагы жаштар комитетинин ыраазычылык каттары тапшырылды. 

Кафедра башчыларына “ Кыргызстандагы батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары” аталышындагы китептер тапшырылды.

Акциянын жүрүшүндө парктын аймагы тазаланып, дарактар суугарылды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Атабек Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *