Арабаев атындагы КМУда Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган жыйын

Бишкектеги Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу жана жардамы менен
Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институту 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган институттун окутуучулары жана студенттери үчүн семинар өткөрдү.

Презентациялардын алдында Табигый илимдер институтунун ректору Арабаев атындагы КМУнун проректору Г.Тажибаева, жалпы биология жана туризм кафедрасынын башчысы технологиялык окутуу» институту М.Кырбашев, Бишкек шаарындагы Орхус борборунун жетекчиси А.Нурбековдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Семинар катышуучулар үчүн тарбиялык жана кызыктуу болду, анын жүрүшүндө 2 презентация тартууланды – “Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча Орхус Борборлорунун иши жөнүндө” жана «Кыргызстандын аялдар кыймылынын жаралуу тарыхы жана гендердик саясаты». Алып баруучулар болуп Орхусс Борборунун маалымат ассистенти Карлыгач Карыпбек кызы жана гендер боюнча эксперт болду Б.Исламбекова өткөрдү.


Баяндамалардан кийин кызыктырган суроолор берилип, сунушталган иштер жана маалыматтык материалдар боюнча пикирлер талкууланды. Биздин азыркы саясатыбыздагы аялдар коомчулугунун, аялуу үй-бүлөлөрдөгү аялдардын көйгөйлөрүнө жана мектептерде балдардын билим алышына өзгөчө көңүл бурулду. Андан соң алынган аялдар кыймылы боюнча билимдер боюнча интерактивдүү оюн өткөрүлдү. Анын жеңүүчүлөрүнө Орхус Борборунун атынан сыйлыктар тапшырылды.

Семинардын аягында Орхус Борборунун өкүлдөрүнө институтунун атынан ыраазычылык каттары тапшырылды. Өз кезегинде Орхус борбору институттун бөлүмүнө Биологдун кесиптик күнү менен куттуктап белек тапшырды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *