Бишкек Орхус Борбору быйылкы алгачкы иш-чарасын өткөрдү

2024-жылдын 12-апрелинде Бишкектеги Орхус Борбору «Плаза мейманканасынын» конференц-залында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен “Кыргыз Жайыты” Улуттук Ассоциациясы менен биргеликте “Тегерек стол” өткөрдү. Темасы «Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо». Иш-чарада катышты – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы А.Кенжебаев, Айыл чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун, айыл чарба тармагындагы Илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү, ФАОнун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Салык инспекциясы, Чүй жана Баткен облустарынын жайыт комитеттери, Кыргыз Республикасынын СПАлары жана Кыргыз Жайыт бирикмесинин адистер.

«Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарына курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор» «Кыргыз Жайыты» Улуттук Ассоциациясынын башкы директору А.Эгембердиев, «Айыл чарба тармагында 2024-жылга жана кийинки жылдарга пландаштырылган долбоордук темаларды ишке ашыруунун жүрүшү» Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрликтин ОРСП директору Т.Түлеев, «Жайыт ресурстарынын пайдаланылбаган потенциалы: көйгөйлөр жана реалдуулук» Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун адиси Оморов С. деген темаларын презентацияларды жасашты. Баяндамаларды талкуулоодо КР министрликтин, КР алдындагы СИ институтунун, жайыт комитеттеринин, Ассоциациянын жана башкалардын өкүлдөрү өз сунуштарын айтышты. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча сунуштамалар кабыл алынды, алар таризделгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *