Орхус борбору Нарын шаарында экологиялык акция өткөрдү

2018-жылдын 26- майында Орхус борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгы менен биргеликте Нарын шаарында экологиялык акция өткөрүлдү. Аталган иш чарага Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери жана ушул университеттин алдындагы колледждин окуучулары катышышты.Акция шаардык парктын аймагында, ага жакын жайгашкан аянтчалардын участкаларында өттү. Акциянын жүрүшүнө 70 адам катыша алды, анын жүрүшүндө 5 га жакын аймакта жарым тоннадай көлөмдө таштандылар чогултулду.Аталган акция мамлекеттик «Таза жашоо» программасына ылайыктуу киргизилген иш чаралардын алкагында жүргүзүлдү жана Нарын шаарынын 150 жылдык майрамына карата арналды.

Акциянын жүрүшүнүн аягында Орхус борбору Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине жана ушул университеттин алдындагы колледждин окуучуларына Кыргызстандагы Орхус Конвенциясынын принциптерин колдонуунун негиздери тууралуу тааныштыруу семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Орхус Борборунун жүргүзгөн иш аракети жана алдына койгон пландары менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары, жакын арада Нарын областында өткөрүлө турган иш чаралар планы каралды.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *