Экологиялык журналистика регионалдык фестивалынын жыйынтыгын чыгаруу

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

2015-жылдын 15-16 октябрында Ош областынын Ош шаарында Экологиялык журналистика регионалдык Фестивалы болуп өттү, анда “Кыргызстандын жана Тажикстандын чек аралаш райондорунда табигый кесепеттердин тобокелдерин башкаруунун натыйжалуу жолдору жөнүндө калктын маалыматтуулугун жакшыртуу” Регионалдык Конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган Конкурс Бишкек шаарындагы жана Ош шаарындагы Орхус Борборлорунун, Тажикистандын Согди областынын Худжант шаарындагы Орхус Борборунун катышуусунда, Бишкектеги ЕККУ Борбору тарабынан уюштурулду. Фестивалдын ишине Бишкектеги ЕККУ Борборунун кызматкерлери Манав Сачдева, Э.Джумакадырова, К.Нурматов, Э.Пайзиев, Тажикистандагы ЕККУ Борборунун өкүлү Шанжив Турачельвам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын начальниги Р.Юсупов, регионалдык ӨКМ, КТЧКТЧМА өкүлдөрү жана Кыргызстандын жана Тажикистандын ММК катышышты.
Фестивалдын ишинин биринчи күнүндө Ош шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси К.Исабаев (Кыргызстан) жана Худжант шаарынан Д.Прудцких (Таджикистан) тарабынан өз уюмдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы CARNet портал координатору И.Чистякова тарабынан «Кыргызстанда экологиялык маалыматтар: булактар, тенденциялар, көйгөйлөр» темасында презентациялары өткөрүлдү.
Тажикистандын Согди областы боюнча журналисттер Союзунун төрагасынын орун басары И.Джамалиён тарабынан «Экологиялык журналистиканын өнүгүүсүндөгү кыйынчылыктар жана тажрыйба» темасында мастер-класс өткөрүлдү.
Презентациядан кийин Ноокат районундагы «Төө Моюн» радий руднигине баруу максатында талаага чыгуу иши өткөрүлдү, мында уран өндүрүү боюнча каралбай калган объекттер менен Арал селосунун участкасында жүргүзүлгөн жээктерди бекемдөө жумуштары менен таанышуу болду.

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

Экинчи күнү Фестивалдын катышуучулары конкурсанттардын автордук телевизиондук иштери менен таанышып чыгышты, региондогу экологиялык журналистиканын өнүгүшүнүн келечеги тууралуу чакан топтордо талкуулоолор жүргүзүлдү, мындан кийинки кызматташуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти. Андан кийин Экологиялык журналистика регионалдык Конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу аземи өттү. Жалпысынан конкурска Кыргызстандын жана Тажикистандын ММКөкүлдөрү тарабынан 35 иш тапшырылган, алар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан тыкаттык менен изилденип чыкты. Бардык иштер 4 номинациялар боюнча бөлүндү.
«Интернет материалдар» номинациясындагы байгелик орундарды алгандар:
1-орун: Маъсум Имомов – Худжант ш.Тажикистан;
2-орун: Шарипов Шероз – Худжант ш. Тажикистан;
З-орун: Имаралиева Нурида – Бишкек ш. Кыргызстан.

«Басма материалдар» номинациясындагы байгелик орундарды алгандар:
1-орун: Касымов Фарход – Худжант ш. Тажикистан;
2-орун: Санрабия Сатыбалдиева – Жалал-Абад ш. Кыргызстан;
3-орун: Тилав Расулзода – Худжант ш.Тажикистан.

«ТВ материалдар» номинациясындагы байгелик орундарды алгандар:
1-орун: Арзыгуль Галымбетова – Баткен ш.Кыргызстан;
2-орун: Гулиза Суванова – Ош ш. Кыргызстан.

«Радио материалдар» номинациясындагы байгелик орундарды алгандар:
1-орун: Жениш Айдаров – Баткен ш. Кыргызстан;
2-орун: Наталья Дорофеева – Худжант ш. Тажикистан;
3-орун: Артыков Султан – Баткен ш. Кыргызстан.

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

Ошондой эле, экологиялык коопсуздук жаатындагы кызыктуу жана жогорку чеберчиликте даярдалган материалдар үчүн, регионалдык башкармалыктын начальниги Р.Юсупов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ардак Баракчасын тапшырды. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин атынан Фестивалдын катышуучуларынын дарегине Кыргызстандагы табигый кесепеттерди жок кылуу маселелерин чагылдырууда ММК өкүлдөрүнүн иштерине жогорку баа берүү менен ыраазычылык билдирген телеграмма жолдогон. Фестивалдын кээ бир катышуучулары Министрликтин Грамоталары менен сыйлоого сунушталды, алар 7 –ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Журналистика Күнүнө карата сыйланышат.

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

 itogi-regionalnogo-festivalya-ekologicheskoj-zhurnalistiki

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *