Айлана чөйрөгө байкоо жүргузүү

2021-жылдын 15-майында  Ноокат районун Жаңы–Ноокат айыл өкмөтүнүн Акарт тилкесинде Орхус Борбору тарабынан мрамор таштарын казып алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин айлана–чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча мониторинг жүргүзулдү. Бүл иш-чара  “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду.

Акарт тилкесинде байкоо жүргүзүүгө Мамэкотехинспекциянын Ноокат жана Араван райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын кендерди иштетүү жана өндүрүштүк коопсуздук боюнча башкы инспектору Джакишева И., Жаңы–Ноокат айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү Яйлонов А., Дыйканбаев Т., Сатиев А. жана Орхус Борборунун өкүлдөрү Исабаев К., Матисаев А. катышышты.

Катышуучулардын айтуусунда  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кур-тектир тилкесиндеги Акарт мрамор таш кендерин иштетүү үчүн аракеттер 1980-1985 жылдары башталган.  Ак-Арт мрамор кени Жаңы–Ноокат айыл окмотунун борборунан 40 чакырым алыстыкта, жыш арча токойлорунун арасында жайгашкан. Ошол жылдары кенди иштетүү үчүн технологиялык жол, техника жана жумушчулар үчүн атайын база түптөлгөн. Кур-Тектир, Чат тилкелеринде Ноокат районунун Жаңы–Ноокат, Бел-Өрүк айыл өкмөтөрүнүн жайыт жерлери жайгашкан. Акарт мрамор кенинде өндүрүштүк деңгеелде казып алуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

2017-жылы «Алдаяр-Уголь Лимитед» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Акарт мрамор кенин иштетүү учун № 5406 ТЕ лицензиясы  алынган.  Кен жайгашкан жерди изилдөөнүн натыйжасында КР Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги тарабынан кенди иштетүү боюнча мамлекттик экологиялык экспертизанын терс корутундусу берилген.

Байкоо жүргүзүү кезинде Акарт мрамор кени жайгашкан жери каралбай калган жана карьер калыбына келтирилген эмес экендиги тастыкталды. 1985-жылдары кенди иштетүү иштери токтотулгандан бери бул жерде эч кандай иш-аракеттер болбогондугун байкоо жүргүзүүнүн катышуучулары белгилеп кетишти.

Матисаев А. Орхус Борборунун адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *