Ат-Башыда райондук бийлик жана райондун мамлекеттик өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2022-жылдын 14-майында Ат-Башы айылындагы акимчиликтин имаратында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын Орхус Борбору Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Ат-Башы районунун акиминин орун басары Абдыжапаров Болот, Каратал-Жапырык, Бугу-Марала мамлекеттик коругунун, экотехинспекциянын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары (Казыбек, Карасуу, Ак-Моюн, Ак-Жар, Баш-Кайыңды, Ат-башы ж.б.), Ат-Башы районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана орто мектептердин мугалимдери катышты. Жалпысынан 27 адам болду.

Тегерек столду Нарын Орхус борборунун менеджери Калмуратов Самат ачып, борбордун максаттары жана 2 жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, ошондой эле Борбордук Азия университетинин Тоолуу Коомдорду Изилдөө Институту (МТРИ) менен кызматташууга токтолду.. Андан соң Мамлекеттик жашоону жана айлана-чөйрөнү коргоо комитети менен Экотехинспекциянын өкүлдөрү коруктун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, ишке ашырган ийгиликтүү долбоорлоруна, алдыдагы пландарына токтолушту.

Жыйындын жүрүшүндө акимчиликтин өкүлдөрү Ак-Жар айылында көптөн бери тосулбай турган таштанды таштоочу жай бар экенин, шамалдуу аба ырайында таштандылар чачылып, кайра чогултууга туура келип жаткандыгы тууралуу маалымат беришти. Ал жакка уйлөр барышат, жанында балдар ойношот. Бул таштанды таштоочу жай каражаттын жоктугунан тосулган эмес. Аталган аймактын жашоочуларын бул таштанды таштоочу жайды тосуу боюнча долбоорлорду кантип жана кайдан жазууга болоруна кызыгышты.

Мындай иш-чаралар кайсыл тармакта жүргүзүлүп, каякка кайрылса болорун толук маалымат менен Орус Борборунун менеджери Самат Калмуратов билдирди. Алар MSRI долбоорлоруна абдан кызыгып, кызматташууга каалоолорун билдиришти.

Семинардын жүрүшүндө Каратал-Жапырык коругунун өкүлдөрү Казыбек жана Кара-Коюн айыл башчылары менен жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча келишимге кол коюшту.

Жыйынтыгында катышуучулар мындай мүмкүнчүлүк үчүн биздин борборго ыраазычылыктарын билдиришти жана Орхус Борборунун ишмердүүлүгү курч экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүп, чечүүгө жардам бергени үчүн тургундар үчүн маанилүү экенин белгилешти. Биздин борбор тууралуу биринчи жолу уккандар болду. Алар биз менен байланыша алышы үчүн биз маалыматыбызды калтырдык. Ал эми айыл өкмөт башчылары мындай семинарларды ар бир айыл өкмөттө өткөрүүнү сунушташты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *