Баласагун аттындагы КМУУда студенттер менен жолугушуу

2022-жылдын 10-ноябрында Бишкектеги Орхус Борбору Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетинин жана «География, экология жана туризм» факультетинин студенттери менен жолугушууга катышты. Жолугушуу Орхус борборунун демилгеси менен факультеттердин жетекчилиги тарабынан уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө Орхус Борборунун жетекчиси Адил Нурбеков катышуучуларга Кыргызстандагы Орхус Борборлор тармагынын иши, өткөрүлгөн иш-чаралар жана келерки жылга пландар тууралуу маалымат берди. Студенттер тарабынан факультеттин куратору жана 2-курстун студенттери өздөрүнүн окуулары жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору тууралуу кыскача маалымат беришти. Ошондой эле КМУУнун кафедра башчысы кыскача маалыматтык сөз сүйлөп, жалпы өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жаштарды тартуу жаатындагы биргелешкен иштердин материалдары менен тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда студенттер тарабынан бир нече суроолор берилип, экологиялык көйгөйлөр боюнча маалымат берүү жана студенттердин катышуусунда биргелешкен долбоорлорду издөө үчүн мындай жолугушууларды жылына 2 жолудан кем эмес өткөрүп туруу зарылдыгын айтышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *