Баткен облусунун Лейлек районун Кулунду айыл өкмөтүнүн орто мектептеринин окуучуларынын арасында жазуу сынагы өткөрүлдү

2022- жылдын 23-24-майында Ош шаарындагы Орхус  Борбору ЕККУнун “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү ” долбоорунун алкагында, КР Тоо экосистемаларын коргоо, климаттын туруктуулугу жылына карата КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы(ЖРЭТКМ БРБ)  менен биргеликте Кулунду айыл өкмөтүнүн орто мектептеринде окуучулар арасында 1-апрелде жарыялаган “ Менин чөлкөмүмдүн жаратылышы” аталышындагы жазуу  сынагын жыйынтыктады.

Бул сынакка И. Раззаков, Максат, Бел-Алма, Булак-Башы, В. И. Ленин, Кыргызстандын 40 жылдыгы, №2 Мектеп-Гимназиясы, Т. Жолдошев атындагы орто мектептеринин 6-7-8-9-10-11-класстарынын окуучулары катышышты. Иш-чаранын максаты окуучулардын жартылышка болгон кызыгуусун арттыруу, мамилесин жакшыртуу жана жартылышты коргоо. Жалпысынан 170 жазуу иши келип түштү. Жыйынтыктоо аземинде Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Асралов жана мектеп мүдүрлөрү уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Дилбаяндарды баалоо боюнча Орхус Борборунун адистери А. Матисаев, А. Зайырбеков жана КР ЖРЭТКМ БРБнын медиа тармагы боюнча программист-инженери Муратали кызы Н., адиси С. Гулжигитова,  Лейлек районунун мамлекеттик инспектору А. Марипов курамында турган коммисия түзүлүп, эң мыкты жазылган 42 жазуу  ээлерин тандашты.

Жеңүүчүлөрдү Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, КР ЖРЭТКМ БРБнын контролдук-инспекциялык кызмат бөлүмүнүн башчысы А. Маматалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен алынган төмөнкү белектер менен сыйлашты:

Сынакта 1- орунду ээлеген 8 окуучу мектеп рюкзактары, Орхус Борборунун футболкалары, ручкалары жана дипломдору менен сыйланышты;

2-орунду ээлеген 8 окуучу дипломдор, атайын үн угуучу наушниктер, баалуу китептер менен сыйланышты;

3-орунду ээлеген 8 окуучу дипломдор, баалуу китептер менен сыйланышты;

4-5- 6- орунду ээлеген 18 окуучу кызыктыруучу сыйлык катары адабий китептер менен менен сыйланышты.

Сынакты өткөрүүгө көмөктөшкөн 8 мугалимге КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын ыраазычылык каттары тапшырылды.

Андан тышкары сынактын уюштуруучулары В. И. Ленин орто мектебинин окуучулары тарабынан айлана чөйрө багынтындагы плакаттардын, сүрөттөрдүн жана эски буюмдардан жасалган макеттердин көргөзмөсү менен таанышып, эң мыкты  жасалган буюмдардын авторлоруна баалуу белектер, мектептин китепканасына адабий жана энциклопедиялык китептер тапшырылды.

КР Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын, канатуулардын жана ѳсүмдүктѳрдүн түрлѳрү боюнча чыгарылган 8  плакаттардын топтому жогоруда аталган 8 мектепке таркатылды.

Иш-чара Баткен телекѳрсѳтүүсүнүн жардамы менен тартылып маалымат коомчулукка чагылдырылды. Ушул эле маалыматтар Кыргызстандагы Орхус Борборлорунун сайтына жана социалдык тармактарга жайгаштырылды.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *