Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун өнөктөштөрүнүн жолугушуусу жөнүндө маалымат

vstrecha-partnerov-orhusskogo-tsentra-g-bishkek

2016-жылдын 30- сентябрында Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун кеңсесинде Орхус Борборунун өнөктөштөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Аталган иш чарага Орхус Конвенциясынын Улуттук Координатору  Н.Байдакова, Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын  генералдык директору А.М.Бурханов, башкы техникалык кеңешчи, Финдик курчап турган чөйрө институту долбоорунун менеджери Ари Мякиля,  FinWaterWEIII в КР/Проект KGZ-Вода/Иссык-Куль программасынын ассистенти О.Груздова,  ФАО/ГЭФ    « Климаттын өзгөрүү шартында тоо токойлорун жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу»  долбоорунун менеджери Ч.Алибакиева,  Ак илбирс боюнча Секретариаттын кызматкери Ч.Кочоров, «Таза  Ысык-Көл» ыктыярдуу кыймылдын директору А.Шамсутдинов жана Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жүргүзгөн иши жөнүндө Орхус Борбордун жетекчиси  А.Нурбеков катышышты.

Аталган жолугушууну өткөрүүгө  демилге катарында  болууга, Орхус Конвенциясы жөнүндө  Докладды даярдоо алдындагы,  курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Конвенциялардын принциптерин ишке ашыруу методдорун карап чыгуунун зарылдыгы саналат.

vstrecha-partnerov-orhusskogo-tsentra-g-bishkek3

Иш чаранын катышуучулары өз сөздөрүндө, ар бири өз уюмунун жүргүзгөн иш аракети жөнүндө, ишке ашырылып жаткан иш чаралар тууралуу жана келечекте кандай  пландар бар экендигин, аларды кандайча иш жүзүнө ашыра тургандыктары жөнүндө  ой пикирлерин бөлүшүштү.

Бардык уюмдарга тиешелүү көйгөйлүү маселелердин бири, бул маалыматтардын коомчулукка жеткиликтүүлүгү. Ар бир сүйлөгөн өкүлдөр ушул тууралуу өз сөзүндө билдирип кетишти. Ушуга байланыштуу, алар коомчулукка маалыматтардын  жеткиликтүүлүгү маселесинде ар кандай методдор менен кызматташуунун зарылдыгын сунуш кылышты, анын ичинде Орхус Борборунун мүмкүнчүлүгүн катыштыруу каралды.

Орхус Борборунун жолугушууларды уюштурууга орун берүүсү менен, көрсөтүлгөн багыттар боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкты жүргүзүү үчүн,  курчап турган чөйрөнү коргоодогу ар кандай көйгөйлөрдү талкуулоого шарт түзүлөт жана жыйынтыгында иштердин жүрүшүндөгү алынган маалыматтар боюнча коомчулукка маалыматтардын  жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга болот.

Аталган жолугушуу биринчи жолу өткөрүлдү  жана Орхус Борборунун өнөктөштөрү тарабынан кызуу колдоо тапты. Жолугушуунун аягында кызыкдар болгон тараптардын жана башка өнөктөштөрдүн  катышуусу менен менен айына бир жолу ушундай жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

vstrecha-partnerov-orhusskogo-tsentra-g-bishkek4

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *