Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун Талас областында өткөргөн иш чаралары

2018-жылдын 11-майында  Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Талас шаарында «Орхус Конвенциясынын принциптерин аткаруунун негизи- бул жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандык коомдун жана коомчулуктун катышуусу менен экологиялык маселелерди чечүү болуп саналат» темасында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун ишине Талас шаарына жакын жайгашкан райондордун айыл өкмөтүнүн башчылары, Талас шаарындагы  ТОС боюнча 3 кварталдарынын жетекчилери,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана МЭТКИ Талас аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү жана окуу жайларынын окутуучулары катышышты. Аталган иш чаранын негизги милдети курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы кезигип жаткан көйгөйлөрдү карап чыгуу жана талкуулоо, региондун экологиясына сарамжалдуу мамиле кылуу жана айлана чөйрөнү таза калыбында сактоодо коомчулукту тартуу боюнча  иш жүзүндөгү чараларды иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгы тарабынан  2017-2018-жылдар аралыгында аткарган иштери тууралуу  башкармалыктын өкүлү Базарбаев М. маалымат билдирип кетти, ал өз сөзүндө курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы аткарылган иш чараларга токтолуп, жыл ичинде көрүлгөн аракеттер жөнүндө кенири баяндап берди.

Коомдук уюмдардын өздөрү кандай экологиялык иш чараларды өткөрүп жаткандары тууралуу «Талас регионунун НПО Альянсы» Ассоциациясынын жетекчиси Т.Момунбекова айтып берди. Ал сөзүндө региондогу аткарылган иш чаралар тууралуу кыскача маалымат билдирип кетти, ал айрыкча 2 коруктагы долбоорлор боюнча баяндап берди, аларда  фотоловушкалардын орнотулгандыгы жана алар кийинчирээк дайыма колдонуу үчүн өткөрүп берилгендигине токтолуп кетти.

Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков Орхус Борборунун  жүргүзгөн иш аракети жөнүндө маалымат берип кетти, ал өз кезегинде Борбордун 2015-2018 –жылдарда жасаган бардык иш чаралары тууралуу презентациясын жазады.

Презентациянын аягында катышуучулар тарабынан ар кандай ойлор айтылды, ошондой эле экологияда кездешип жаткан көйгөйлөр тууралуу пикирлерин билдиришти, коомдун жаратылышка карата аяр мамиле жасоосуна көндүрүү боюнча аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтылды,  региондогу жаштарды жаратылышты аздектеп суйүүгө чакыруу ойлору ортого салынды, экологиялык иш чараларды өткөрүү боюнча жабдыктар менен камсыз кылуу сыяктуу материалдык жардамдарды көрсөтүү боюнча сунуштар түштү.

Бардык сунуштар жана пикирлер эске алынды жана андан ары алар жалпыланып ылайыктуу органдарга экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга жана жардам көрсөтүү үчүн жибериле тургандыгы белгиленди.

Иш чаранын экинчи жарымында  Талас шаарындагы орто мектептин окуучулары менен биргеликте практика жүзүндөгү  акция уюштурулду, анын жүрүшүндө шаардык токой парк аймагында тиричилик калдыктары чогултулду.Акциянын жүрүшүнүн аягында өздөрүн иште мыкты көрсөткон артыкчылык берилген окуучуларга  Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан футболкалар жана   бейсболкалар сыйлык катары таратылып берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *