Бишкектеги Орхус борбору айлана-чойрөнун мониторинг жүргүздү

13-майдан 16-майга чейин Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын, Кемин жана Талас шаарларындагы таштанды полигондорунда айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү.

Нарын ш.

Кемин ш.

Талас ш.

Мындай изилдөөлөр 3 жыл мурун жүргүзүлүп, эми Орхус борбору өзгөрүүлөрдү жана мүмкүн болуучу кесепеттерди изилдөөгө ниеттенүүдө. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө оор металлдардын жана зыяндуу заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин талдоо үчүн полигондордун айланасындагы топурак, жер үстүндөгү жана саркынды суулардын үлгүлөрү алынды. Келип түшкөн материалдар Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториясында текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү органдар тарабынан чара көрүү үчүн сунуштар даярдалат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *