Бизнес өкүлдөрү үчүн экологиялык билим берүү

7-октябрь 2020-жылы Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатынын жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Тазалоо курулмаларын техникалык тейлөөдөгү көйгөйлөр, чечүүнүн жолдору»деген аталыштагы окутуу семинары болуп өттү.

Аталган семинарга Ысык-Көл, Тон райондору, Балыкчы,  Чолпон-Ата шаарлары боюнча   мамэкотехинспекциясынын аймактык  башкармалыгынын башкы инспектору У.Бектурганов, «Бинтек» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Т.Медербеков, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын адистери, пансионаттардын тазалоо курулмаларынын операторлору катышты.

Семинарды Ысык-Көл, Тон райондору, Балыкчы,  Чолпон-Ата  шаарлары боюнча мамэкотехинспекциясынын аймактык  башкармалыгынын башкы инспектору У.Бектурганов ачып, Ысык-Көл районунун аймагындагы пансионаттардын тазалоо курулмаларынын абалына, болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп, операторлорду окутуу зарыл экендигин, анткени алардын жумушу Ысык-Көлдүн тазалыгы менен түздөн түз байланыштуу экендигин белгилеп, семинардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2019-жылдагы аткарган иштери, алдыдагы пландары тууралуу маалыматтарды берди.

«Бинтек» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Т.Медербеков Ысык-Көл жээгиндеги тазалоо курулмаларынын түрлөрү, тазалоо курулмаларынын иштөө принциптери, тейлөөдөгү көйгөйлөр тууралуу кенири маалымат берди.

Семинардын 2-бөлүгү практикалык иштерге арналып, «Радуга» пансионатынын «Топас» тибиндеги 650 м. кубдук тазалоо курулмасында жүргүзүлдү. Семинардын катышуучуларына Т.Медербеков тазалоо курулмасынын иштөө принцибин түшүндүрүп, эксплуатация учурундагы өзгөчүлүктөргө, тазалоо системасына кенири токтолуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Мындан сырткары Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын лаборанты О.Шестова катышуучуларга анализдерди алуунун жолдорун түшүндүрүп, лабораториялык изилдөөлөрдүн түрлөрү боюнча маалыматтарды берди.

Семинардын сонунда катышуучуларга «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери тарабынан тартылган видеороликтер көрсөтүлүп,   Ысык-Көл көлүнүн экологиясы, тазалоо курулмаларынын иштеши боюнча сунуштар айтылып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *