Экинчи даярдык жолугушуу «Жашыл экономика туруктуу өнүгүүнүн жана коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыз кылуудагы катализатор»

2017-жылдын   14 – 16- июнунда  Казахстандын борбору Астана шаарында ЕККУ кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын катышуусунда 2-даярдык көрүү жолугушуусу өткөрүлдү. Аталган иш чарада Бишкек шаарындагы Орхус борборунун, ЕККУ Борборунун  өкүлдөрү жана  Бишкек шаарындагы Орхус борборунун жетекчиси Нурбеков А.К. катышты. Аталган жолугушуу «Жашыл экономика туруктуу өнүгүүнүн жана коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыз кылуудагы  катализатор» темасына арналды. «Жашыл экономика туруктуу өнүгүүнүн жана коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыз кылуудагы  катализатор» болуу менен, ошол эле учурда, ЕККУнун 25- экономика-экологиялык форумун өткөрүү алдындагы даярдык көрүү этабы болуп саналат жана ал үстүбүздөгү жылдын  сентябрь айында.Прага шаарында (Чехия ) өткөрүлөт.

Астанада болгон убактынын биринчи күнүндө  Жолугушуунун уюштуруучулары тарабынан  10- июнда ачылган  ЭКСПО 2017 «Энергетика келечеги» эл аралык көргөзмөсүндө катышуу уюштурулду. Эл аралык көргөзмөдө катышуу учурунда жолугушуунун катышуучулары  Германия, Филиппины, Япония, Кытай, США, Россия, Азербайджан, Турция, Кыргызстан, Грузия жана башка өлкөлөрдүн экспозицияларында катышуусу болду. Албетте, катышуунун эң негизги орду Казахстан Республикасынын павильону болду,  башкалардан өзгөчө айырмаланган  8 этаждык шар сыяктуу форманы ээлеген курулуш болду.

Көрүүнүн аягында  жолугушуунун расмий ачылышы өткөрүлдү, анда  Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов куттуктоо сөзү менен сүйлөдү,  ЕККУ Парламенттик  Ассамблеясынын президенти Кристина Муттонен,  ЕККУ  2017-жылдагы төрагасы,   Австриянын посолу Флориан Райнинг, ЕККУ экономикалык-экологиялык комиссиясынын координатору посол Вук Жучич сөз сүйлөштү. Кийинки күнү Назарбаев Университетинин конференц-холунда жолугушунун катышуучуларынын жыйындары башталды, ал эки күнгө созулду.

Дискуссилардын негизги темалары  «Ресурстук эффективдүүлүк жана экономиканы экололизациялоону жогорулатуу», «Энергиянын жаңылануучу булактарынын жардамы менен энергетикалык коопсуздукка көмөк берүү», «Экологиялык коркунучтарды, климаттын өзгөрүүсүн жана курчап турган чөйрөнүн деградациясын нейтралдаштыруу» болду. Эки күнгө созулган жолугушуунун жүрүшүндөгү каралган бардык маселелер, жолугушуунун катышуучуларынын бардыгы тарабынан талкууланды жана аларды ЕККУнун 25- экономикалык – экологиялык форумунда кароо үчүн рекомендациялар сунушталды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *