«ЕККУ иш аракетинин зонасында табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү» долбоорунун алкагында Регионалдык жолугушуу жөнүндө Маалымат

2017 – жылдын 20-июнунда Ош шаарында Бишкек шаарындагы Орхус борборунун ЕККУ Программалык офисинин финансылык колдоосунун астында  «ЕККУ иш аракетинин зонасында табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү»  долбоорунун алкагында Жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү.

Аталган жолугушууга Лейлек районунун Кулунду айылдык округдарынын өкүлдөрү,         КР  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Граждандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо Борборунун аймактык кафедрасынын өкүлдөрү, Ош   шаарындагы Орхус борборунун ЕККУ Программалык офисинин, ЕККУ экономикалык жана  экологиялык иш аракеттеринин  Бюро Координаторунун Долбоордук Координатору, Ош  шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун өкүлдөрү жана «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууну  ЕККУ экономикалык жана  экологиялык иш аракеттеринин Бюро Координаторунун Долбоордук Координатору Алма Мирвич ачты. Ал Чыгыш Европа жана  Борбордук Азия өлкөлөрүндөгүдолбоорлордун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндап берди. Өзүнүн сөзүндө ал «ЕККУ иш аракетинин зонасында табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү»  долбоорунун алкагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, КР  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү  жамааттардын ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жыйынтыктоочу жолугушуунун катышуучуларына Ош   шаарындагы  ЕККУ Программалык офисинин башчысы  Лиф У.Р. саламдашуу ирэтинде өзүнүн  сөзү менен кайрылды.

КР  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Граждандык коргоонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо Борборунун аймактык кафедрасынын (ЦППСГЗ) башчысы Д. Садиков өткөрүлгөн 3 тренинг жөнүндө айтып берди. Ал өз сөзүндө Тажикстан Республикасынын Согдия областынын Б.Гафуров районунун Овчи Калача  Жамааты менен чектешкен   Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду а/о айылдарынынын ыктыярдуу сактоочу командаларынын жана  жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү үчүн табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү   боюнча  жетишилген жетишкендиктер жөнүндө токтоло кетти.

Иштелип чыккан  модуль боюнча чек аралык долбоордун алкагында,  ыктыярдуу сактоочу командалардын,  жергиликтүү жашоочулардын  жана   жарандык коргонуу каражаттары жана күчтөрүнүн катышуусу менен   Комплекстик окууларды өткөрүү каралган. Долбоордун бардык жыйынтыгы боюнча  Лейлек районунун Кулунду а/о айылдарында бардык кызыкдар болгон тараптар катышуусу менен, коомдук талкуулоону өткөрүү пландаштырылган. Аталган иш чараларды Кулунду айылында 2017-жылдын  29 –июнунда жана 5- июлунда өткөрүү алдын ала макулдашылган.

Кулунду а/о айылдарынынын   Жарандык коргонуу боюнча адиси А.Асралов,   Максат айылынын старостасы С.Адинаев жана Интернационал айылынын старостасы  М.Жумабаев табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү   боюнча  жетишилген жетишкендиктер жөнүндө токтоло кетти.

Жолугушууда Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун директору  К. Исабаев өзүнүн презентациясы менен сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө СРБ долбоору жөнүндө, маалыматты жайылтууда волонтерлордун ээлеген орду жөнүндө, долбоордун алкагындагы жетишкендиктер жана кийинки пландар жөнүндө токтолуп кетти.

Тажикстан тарабынан Худжандтагы Орхус борборунун өкүлдөрү табигый кырсыктарды жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү   боюнча долбоордун өнөктөштөрү аталган жолугушууда видео байланыш аркылуу катышышты. Тажикстан Республикасынын Согдия областынын Б. Гафуров районунун Овчи Калача айылындагы долбоордун жүрүшү жөнүндө  презентациясы менен курчап турган чөйрө кызматынын өкүлү А.Абдувалиев, Худжандт шаарындагы Орхус борборунун директору  И. Мамадов, массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча адиси И.Зокиров сөз сүйлөштү.

Алар болгон  иштердин  жыйынтыктары  жөнүндө айтып беришти жана аталган долбоордун   маанилүүлүгүн баса белгилешти, иш чаралар жөнүндө табигый кырсыктарды жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү   боюнча долбоордун алкагында калктуу пункттарда  өткөрүлгөн    иш чаралар жөнүндө баяндап өтүштү.

Жолугушуунун аягында сөз сүйлөгөндөргө карата көп суроолор берилди, каналдардын жана дарыялардын боюндагы корголуучу зоналар боюнча эрежелердин сакталышы боюнча маселелер талкууланды, ирригациялык каналдардын боюндагы мыйзамсыз курулуштар жөнүндө айтып кетишти.

Катуу тиричилик калдыктарынын келтирген зыяндары,  стихиялык таштандылардын топтолуулары боюнча  суроолор берилди.  Катышуучулар  Казакстан Республикасынын жана  Тажикстан Республикасынын тажрыйбаларын алуу боюнча ойлорун ортого салышты. Алар өзгөчө кырдаалдар боюнча маселелерде, аталган эки өлкөнүн мыйзамдарынын жана укуктук ченемдик актыларынын  талаптарын көнүлгө алуу менен, тыгыз биримдикте иштеп, мындан кийин өзгөчө кырдаалдар боюнча маселелерде тараптарды алдын ала эскертип турууну белгилешти.

Андан кийин төмөнкүдөй рекомендациялар  берилди:

  • Мектептердин деңгээлинде методологияларды иштеп чыгаруу;
  • Тажрыйбаларды теориялар менен айкалыштыруу;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  алдындагы ЦППСГЗ аймактык кафедрасынын окуу-методологиялык     иштерин бекемдөө;
  • ЦППСГЗ аймактык кафедрасынын окуутучуларына тренингдерди өткөрүү;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы  тренерлерди окутуу маселесин кароо;
  • Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкүлдөрү менен биргелешкен окууларды өткөрүү;
  • Жергиликтүү Кенештин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
  • ДСК окуу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  алдындагы Республикалык өзүнчө  ыктыярдуу сактоочу отряддардын мүчөлөрүн окутуу;
  • өзгөчө кырдаалдар боюнча маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана донордук уюмдардын ресурстарын жумшоо;
  • Тренингдердин ишине калкты көбүрөөк тартуу.

 

Т.Жумабеков.

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун коомчулук менен иштөө боюнча адиси.

20.06.2017 –ж.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *