«ЕККУ иш аракетинин зонасында табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү» темасында өткөрүлгөн 2 тренинг

2017 – жылдын 17-18- майында «ЕККУ иш аракетинин зонасында табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү»  долбоору боюнча,  чек аралык айылдар  болуп эсептелген  Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду а/о айылдарынын жана  Согдия областынын Б.Гафуров районунун Овчи Калача  Жамаатынын иш аракетинин алкагында «Экологиялык өнүгүү» Коомдук Фонду  жана Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан эки тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин ишине катышуу үчүн, Лейлек районунун Кулунду а/о айылдарын граждандык коргоо боюнча иштеп жаткан Комиссиясынын курамынын мүчөлөрү чакырылышкан. Тренер  тренингдин катышуучулары менен таанышып болгондон кийин, тренингдин максатын, милдетин жана программасын түшүндүрүп берди жана тренингдин катышуучуларынан жакшы иштер күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Жалпы дискуссиянын жардамы менен  семинардын иш процессинде иштөө эрежеси аныкталды, ал иш үчүн  жагымдуу психологиялык шартты түздү, андан кийин тренингдин катышуучулары алдын ала түзүлгөн тесттерди толтурушту. Андан кийин «Экологиялык өнүгүү» Коомдук Фонду  жана Маалыматтык Орхус Борборунун иш аракети жөнүндө  маалыматтар берилди, донорлор жана долбоорлор жөнүндө, кырсыктардын тобокелдерин кыскартуу жаатында маалыматтар берилди жана талкууланды.

Азыркы учурда тоолуу райондордогу  актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналган,  өзгөчө кооптуу участкаларда жашаган калкты башка жайларга жылдырып көчүрүү көйгөйлөрү эсептелүүдө. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  адисттери  тарабынан башка жайларга жылдырууга тийиштүү болоору тууралуу  жазуу жүзүндөгү каттар берилген,  бирок адамдар буга карабастан бул аймактарда өздөрүнүн жашоосун улантууда.

Ал эми кезектеги көйгөй жергиликтүү бюджеттин жетишпестигинен пайда болууда, кээ бир  айылдык аймактар мамлекеттин  дотациясында отурушат жана ушуга байланыштуу,  бир топ  айыл аймактарында алдын ала жүргүзүлө турган иш чараларга  жергиликтүү бюджеттен акча каражаттары каралган эмес. Булардын негизги себеби болуп жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын билимдеринин деңгээлинин төмөндүгү жана даярдыктарынын болбогондугу болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коргонуу  боюнча адистеринин жана кызмат адамдарынын даярдык көрүү системасын мындан ары өнүктүрүүнү  төмөндөгү принциптердин базасында түзүү керек:

  • өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун стимулдаштыруу;
  • мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча, табигый кырсыктардын тобокелдерин кыскартуу жаатында, аларды кеңейтүү жана алардын иш аракетин жайылтуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүүлөрүн аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү;
  • өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо маселелерин чечүүнүн жаңы жолдорун жана иштеги алдыңкы методдорду колдонууга өбөлгө түзүү;
  •  калктын жашоосу үчүн коопсуз шарттарды түзүүдө, тиричиликти жакшыртууда, айылдардын көрүнүшүн жакшыртууда, айылдык аймактардын иш аракетин стимулдаштыруу, инвестицияларды тартуу, инженердик түзүмдөрдү жана санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу.

Жарандык Коргонуу боюнча Райондук Комиссиясынын (ЖКК) иши боюнча тренинг өткөрүлгөндөн кийин, анын катышуучулары   төмөндөгү темалар боюнча билимдерди алышты жана алган билимдерин жаңы маалыматтар жана өзгөртүүлөр менен толукташты:

  • жакырчылык тобокелин төмөндөтүүгө тиешелүү маселелер боюнча, мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар боюнча, ошондой эле, ЖКК эрежелери жана иш процедуралары боюнча кошумча билимдерди алышты, Жарандык Коргонуу боюнча Мамлекеттик системасы менен таанышып чыгышты;
  • өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жалпы түшүнүктү алышты;
  • ДСК мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери боюнча билим алышты;
  • өзгөчө кырдаалдардын алдында, убагында жана аягында ДСК иш тартиби;
  • региондор үчүн болгон СБ тобокелдери жана алардын алдын ала классификациясы;
  • өзгөчө кырдаалдардын зонасындагы авариялык –сактоочу жана башка тез бүткөрүүчү иштерди жүргүзүүгө даярдык көрүү эрежелери, тартиптери жана методдору;
  • өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүнүн пайда болуусу жана коркунуч түзүлүү шартында алып жүрүү эрежеси боюнча негизги түшүнүктөрдү алышты.

Тренингдин катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрү жана талкууларга катышуусу алардын жагдайды жакшы түшүнгөндөктөрү жөнүндө кабар берет.

Табигый кырсыктар жөнүндө өз билимдерин кеңейтүү менен, алардын келип чыгуусуна даяр болуусу боюнча, табигый кырсыктардын тобокелдерин төмөндөтүү жана алдын алуу боюнча, өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жөнгө салууда чечимдерди кабыл алуу үчүн  кырдаалдарга тез баа берүү боюнча  тренингдин катышуучуларынын билим деңгээлдери жогорулады.

Тренингдин катышуучулары тренерлердин жогорку профессионалдуулугун жана даярдыгын  белгилешти, ошондой эле, аталган тренингдерди финансылоо жана уюштуруусу үчүн  «Экологиялык өнүгүү» Коомдук Фондуна,  Маалыматтык Орхус Борборуна жана ЕККУ өзгөчө ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары, чек аралык аймактарда жашоосун улантып жаткан калкка өздөрүнүн ойлору жөнүндө айтып өтүштү, анткени жашоочулардын көпчүлүк бөлүгү, алардын толук түрдөгү маалыматты билбегендигинен ушул убакка чейин өзгөчө кооптуу участкаларда жашап жатышкандыгын белгилеп кетишти. Тренингдин материалдары менен Сиздер төмөнкү документтерди карап чыгып тааныша аласыздар:

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *