«Экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк – коомдогу туруктуу өнүгүүнүн жана стабилдүүлүктүн булагы» темасында Нарын шаарында өткөрүлгөн тегерек стол

img_20160915_102124

2016 –жылдын 15-сентябрында Нарын шаарында  Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин катышуусунда, «Экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк –коомдогу туруктуу өнүгүүнүн жана стабилдүүлүктүн булагы» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик  инспекциясынын адистери, Жалпы маалымат каражаттарынын, Өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук фонддордун жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышышты. Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө аталган темалардагы презентациялар болду.

Орхус Конвенциясынын негизги жоболору жана Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жүргүзгөн иши жөнүндө, 2015-жылдагы аткарылган иштер жөнүндө жана 2016-жылдагы аткарыла турган пландар боюнча Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси Адиль Нурбеков маалымат берди.

 

img_20160915_093726

«Экологиялык көйгөйлөрдүн жана чакырыктардын өсүп бараткан шартындагы туруктуу өнүгүү үчүн РЭЦЦАнын ролу» темасында, региондогу РЭЦЦАнын иш аракети, аткарылган жана аткарыла турган иш чаралар жөнүндө, Экологиялык көйгөйлөрдүн жана чакырыктардын өсүп бараткан шартындагы туруктуу өнүгүү үчүн РЭЦЦАнын ролу жөнүндө, Борбордук  Азиядагы РЭЦЦА менен Өкмөттүк эмес уюмдардын (НПО) өз ара аракеттенүү Концепциясы жөнүндө -Борбордук Азиядагы Аймактык Экологиялык Борборунун филиалынын директору Сейдахматов М. баяндап берди.

«Суу ресурстарын интегралдуу башкарууну  жана  экотутумдук кызмат көрсөтүүнү киргизүү жолдорун колдонуу» темасында, Борбор Азиядагы Аймактык Экологиялык Борборунун филиалынын долборунун координатору  Матраимов К. –өзүнүн маалыматын сунуштады. Ал долбоордун иши жөнүндө, долбоордун астына койгон милдеттери жана жетишкендиктери жөнүндө, долбоордун иштөө жүрүшүндө белгилүү болгон региондогу азыркы көйгөйлөр тууралуу кеңири токтолуп кетти.

img_20160915_101437

Кыргызстандагы суу өнөктөштүгү жөнүндө баяндаманы Улуттук суу өнөктөштүк Кеңешинин төрагасы Мусаева К.А. айтып берди. Ал өз сөзүндө суу өнөктөштүгү боюнча кеңири токтолуп, аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, өлкөнүн ушул Өнөктөштүккө катышуу мүмкүндүгү тууралуу катышуучуларга түшүндүрмө берип кетти.

Кыргызстандын суу ресурстары жана сууну пайдалануу» долбоорунун координатору Джайлобаев А.Ш.- Суу өнөктөштүгүнүн милдеттерин аткаруу негизинде   Кыргызстандагы долбоорлор жөнүндө презентациясын сунуштады. Ал өзүнүн презентациясында Суу өнөктөштүгү жөнүндө долбоорлордун алдына койгон максаттары тууралуу мүнөздөмө берди жана алар андан ары уланаарын билдирди.

Докладдар боюнча талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сунуштар, сын пикирлер жана каалоолор айтылды, алар:

-«Пирсаламон» КУ директору Асаналиев Э.- Курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө, өзгөчө Кумтөрдөгү суунун запасынын абалы тууралуу, Тянь-Шандагы мөңгүнүн абалына байланышкан экология маселелери тууралуу өз ойлорун  айтып берди.

-“Альянс НКО Тенир-Тоо”  Ассоциациясынын төрагасы Осмонова Р. – Областтагы курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерин ар дайым көтөрүп туруу керектигин жана аны бузгандарга жаратылыш коргоо мыйзамдарын колдонуу керектигин айтып өттү.

– «Салкын-Төр» жаратылыш паркынын директору Токтоналиев Р. -жаратылышка аяр мамиле жасоону, бардык  болгон мүмкүндүктөрдү жана ресурстарды сактоого, курчап турган чөйрөнү коргоону  жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жакшыртууну, жаратылышты коргоого арналган үгүт маселелерине көңүлдү бурууга чакырды.

– Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик  инспекциясынын өкүлү Джумакадыров М.- экология маселесиндеги көйгөйлөргө тынчсыздануу менен карап, бардык кызматтар тарабынан иштер начар аткарылып жаткандыгын жана жергиликтүү калк тарабынан аталган процесстерге катышууну жогорулатуу керектигин белгиледи.

untitled-1

Тегерек столдун ишинин аягында, катышуучулар тарабынан аталган иш чаранын өткөрүлүшүнө ыраазычылык билдиришти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *