«Экологиялык өнүгүү» Коомдук Фондусунун алдындагы Консультативдик Кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу жөнүндө маалымат

Бишкектеги Орхус Борборунун колдоосунда, 2017-жылдын 10-мартында Ош шаарында Консультативдик Кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда катышуучулар 2016-жылдын жыйынтыгын талкуулашты. 2017-2018-жылдарга Маалыматтык  Орхус борборунун Стратегиялык жана Иш планы менен таанышышты, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар менен биргеликте аткарыла турган иштерди пландаштыруу каралды жана региондордо Орхус Конвенциясын ишке ашыруудагы Консультативдик Кеңештин мүчөлөрүнүн көмөк көрсөтүүсү белгиленди.

Жолугушууда Консультативдик Кеңештин мүчөлөрү  Джакишева И.М- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын Араван жана Ноокат райондору боюнча башкы инспектору, Ибраимов Б.О.- Ош шаарындагы көз карандысыз журналист,  Кубатбеков И. А. – Адам укугу жана демократия Борборунун башкармасы,  Ош шаардык  Кенешинин депутаты, Матраимов А.Ж.– Мамэкотехинспекциясынын Ош шаары боюнча башкы  инспектору,  Мендикулов С. Р.- Тоо кен пайдалануу жана тоо көзөмөлү жаатындагы көз карандысыз эксперт, Томоев С.Р.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жала-Абад шаарынын начальнигинин орун басары, Чынкараев А. А.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча начальнигинин орун басары, Осмонов М.- Ош шаарындагы ЕККУ Борборунун Жергиликтүү Бюросунун кызматкери ж.б. катышышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Исабаев К. жана Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун коомчулук менен иштөө боюнча адиси Соронкулов Г. Консультативдик Кеңештин мүчөлөрүнө Орхус Борборунун 2016-жылда аткарган иши жөнүндө жана 2017-жылга карата иш планы тууралуу айтып беришти.Орхус Борборунун ишинин жыйынтыгы жана иш пландары талкуулангандан кийин, Консультативдик Кеңештин мүчөлөрү тарабынан төмөнкү сунуштар айтылды:

 

  • Араван районунун А.Анаров айыл өкмөтүндө акиташты күйгүзүү боюнча экинчи ирээт мониторинг өткөрүү.
  • Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн  Жинжиген айылындагы шахтада курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык  коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг өткөрүү.
  • Кен казып алуу тармагынын  иш аракети жүргүзүлгөн аянттардын экологиялык абалына мониторинг өткөрүү (жаныбарлар дүйнөсү, өсүмдүктөр дүйнөсү, суунун абалы, топурактын абалы)
  • Жалал-Абад областынын Ала-Бука, Чаткал райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу үчүн Кен казып алуу тармагындагы компаниялар менен биргеликте, жапырт көчөттөрдү отургузуу иштерин уюштуруу
  • Ак-Буура дайрасынын флорасынын жана фаунасынын абалына, суу коргоо зонасынын эрежелерин сактоо боюнча рейддерди өткөрүү.
  • Кен казып алуу тармагында гы ишканалардын рекультивациялык иштери жүргүзүлгөн Кассан Сай дайрасынын боюндагы участкалардын абалына мониторинг өткөрүү  (жолдорду ташкындардын жана селдердин жууп кетүү коркунучу).
  • Жалал-Абад областынын, Кызыл Жар айылындагы, Таш- Көмүр шаарындагы, Ош областынын Ноокат районунун Тоо моюн участкасындагы уран калдыктарынын абалына мониторинг өткөрүү.

Орхус Борборунун  2016-жылдагы аткарган иши жөнүндө жана 2017-жылга карата иш планы тууралуу маалыматты уккандан кийин,жолугушуунун аягында , Консультативдик Кеңештин мүчөлөрү Орхус Борборунун ишинин жыйынтыгын   жана иш пландарын жактырышты.

Ош шаарындагы ЕККУ Борборунун Жергиликтүү Бюросунун өкүлү ушул сыяктуу жолугушуунун актуалдуулугун белгиледи жана  Консультативдик Кеңештин  ишине ийгиликтерди каалагандыгын билдирди.

 

Коомчулуктун катышуусу боюнча адис Соронкулов Г.У.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *