Европанын, Кавказ өлкөлөрүнүн жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Орхус Борборлорунун эл аралык жолугушуусу

2018-жылдын 20- сентябрында Ысык-Көл областынын Чон-Сары-Ой айылында  «Карвен 4 сезон» пансионатында Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин  колдоосу астында Европанын Орхус Борборлорунун, Кавказ өлкөлөрүнүн жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн  Орхус Борборлорунун жыл сайын өткөрүлүүчү  жолугушуусу болуп өттү. Кыргызстанга аталган региондордогу иштеп жаткан Орхус Борборлорунун өкүлдөрү жолугушууга катышууга келишти. Ошондой эле, аталган иш чарага Венадагы ЕККУ секретариатынын өкүлдөрү, Женевадагы Орхус Конвенциясынын секретариатынын өкүлдөрү, эл аралык институттардын, ПРООН, ЕС, ЕББР, Финдик суу институту, Казак-Герман университети, Интерньюстун өкүлдөрү катышышты. Тегерек столдун ишинин ачылышына  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун  басары А.Рыспеков , Орхус Конвенциясынын Улуттук Координатору  Н.Байдакова, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын акими Д.Иманалиев, ЖМК өкүлдөрү катышты. Жолугушууга Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин өкүлдөрү ж.б. бардыгы болуп  80 ге жакын адам катыша алды.

Иш чараны өткөрүү программасы абдан кызыктуу жана жогорку деңгээлде уюштурулду.  Аталган жолугушуу  Европадан алыста болгондугуна байланыштуу болгондуктан, анын өзгөчөлүгү бул  жолу башкача өңүттө өткөндүгүндө болду.

Жолугушуунун бардык  катышуучулары келип чогулгандан кийин  «Рух Ордо» маданий борборуна таанышуу жүрүшү  уюштурулду, анда биздин коноктор Кыргызстандын тарыхы менен таанышып чыгышты жана кыргыз маданиятынын ар түрдүүлүгүн көрө алышты.

19-сентябрь  жана 20-сентябрь аралыгында жолугушуунун негизги бөлүгү өткөрүлдү жана анын жүрүшүндө төмөндөгү сессиялар жүргүзүлдү:

  • Экологиялык демократиянын модели болгон – Орхус Конвенциясынын 20 жылдыгын майрамдоо;
  • Кооптуу калдыктарды утилдештирүүнү контролдоо үчүн кызыкдар болгон тараптардын катышуусун жогорулатуу, потенциалды бекемдөө негизинде жана негизги чөйрөлөрдө маалыматтуулук деңгээлди жогорулатуу;
  • Климаттын өзгөрүүсүн жана кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү маселелери боюнча потенциалды бекемдөө, коомдук деңгээлде иш чараларды уюштуруу;
  • Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууда коомчулуктун катышуусун жогорулатуу;
  • «Жашыл» экономикага өтүүгө жана жергиликтүү деңгээлде ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жетишүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Орхус Борборлорунун иш аракетинин туруктуулугу боюнча маселелерди талкуулоо жана ресурстарды иштетүү.

Бардык темалар эң зор мааниге ээ болду жана талкуулоо абдан кызыктуу болгондуктан узак убакытты талап кылды. Ар бир сессиянын төрагасы тарабынан ,ар башка өлкөлөрдүн  Орхус Борборлорунун өкүлдөрү тарабынан болжолдонгон темалар боюнча өздөрүнүн иш тажрыйбалары жөнүндө баяндап беришти жана иштерди ийгиликтүү аткаруу боюнча өздөрүнүн рекомендацияларын беришти.

Мындан кийин, 20- сентябрдын экинчи жарымында сыртка жүрүшкө чыгып келүү боюнча визит уюштурулду, аны Ысык-Көлдөгү Орхус Борбору уюштуруп берди, ал эми аталган визитте Ысык-Көлдүн жээк зонасында ишембилик өткөрүү каралган  жана «Таза Ысык-Көл» ыктыярдуу кыймылынын  дайвер-энтузиасттары тарабынан  көлдүн жээгин калдыктардан тазалоо боюнча иштери көрсөтүлгөн.

Мындан кийин иш чаранын бардык катышуучулары   Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин финансылык  колдоосу астында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы менен Ысык-Көлдүн Орхус борбору бирдикте уюштурган «Кыргызстандын бермети- Ысык-Көлдү сактайлы» темасындагы конкурстун  жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына катыша алышты. Конкурс 2018-жылдын 5июнунан 5-сентябрына чейин өткөрүлгөн, ал 4 номинациядан турган, алар: эң таза айыл өкмөтү; эң таза пляж зонасы, эң жашыл пансионат же конок үйү, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү заманбап технологиялар. Иш чаранын аягында «Мөлтүр» теплоходунда сууда сүзүү уюштурулду. Анда суунун абалын жана анын тазалыгын текшерүү үчүн суудан үлгү алуунун методу көрсөтүлдү.Ушундай үлгүлөр суунун абалын изилдөө үчүн   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын лабораториясы тарабынан жасалып турат.

Аталган  иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы менен кызматташтыкты жүргүзүп жаткан «KGZ-Вода/Иссык-Куль» программалык долбоору тарабынан уюштурулган.


Бардык иш чаралар аяктагандан кийин катышуучулар тарабынан  Орхус Борборлорунун жолугушуусун уюштурган бардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди  жана мындан ары долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтер болуусун каалашты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *