Гендер боюнча брошюранын бет ачарына арналган тегерек стол

2022-жылдын 15-октябрында «Плаза» мейманканасында тегерек стол болуп, анда «Аялзат булагы» бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы гендердик теңчиликти илгерилетүүдөгү иши тууралуу брошюранын бет ачары болду. Тегерек столдун өзү Бишкектеги Орхус Борбору тарабынан Кыргызстандын GWP менен өнөктөштүктө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Брошюраны К.Мусабаева жетектеген «Аялзат булагы» коомдук уюмунун жамааты иштеп чыгып, анда коомдук уюмдун 2005-жылы түзүлгөндөн баштап аткарган иштери кеңири баяндалган. Брошюра “Кыргызстандын аялдарынын суу ресурстарын башкарууга жана пайдаланууга катышуусу” деген ат менен жарык көрдү.

Брошюра кызыкдар тараптарга бул уюмдун аялдарга жергиликтүү маселелерди чечүүгө жардам берүү жана суу ресурстарына этият мамиле кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча тажрыйбасы менен таанышуу үчүн таратылат. Алып баруучулардын презентацияларында аялдардын чечимдерди кабыл алуудагы беделин жогорулатууда жана талаштуу суу маселелеринде социалдык чыңалууну жакшыртууда аялдар уюмдарынын ролу талкууланды.

Тегерек столдун жана брошюранын бет ачарында соңунда катышуучулар аялдар уюмдарынын тажрыйбасын жайылтуу жана аялдарды кеңири чагылдыруу зарылдыгын белгилешти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *