Гендер боюнча семинар

Бишкектеги Орхус Борбору “УАСны жаңыртуу жана ишке ашыруу процессине жарандык коомдун катышуусу” долбоорунун алкагында, 2021-жылдын 27-февралында Бишкекте семинар өткөрдү. Бул семинар БУУнун Өнүктүрүү Программасынын ГЭФтин чакан гранттар программасынын жардамы менен уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, ЖОЖдордун өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы эксперттер катышты. Семинардын темасы “ПАРИЖ КЕЛИШИМИНЕ КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ ҮЧҮН УЛУТТУК САЛЫМДАРДЫН ГЕНДЕРЛИК АСПЕКТТЕРИ” болду.

Семинардын башында катышуучуларына куттуктоо сөз менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын өнүгүү чөйрөсүндөгү жана Климаттын өзгөрүүсү боюнча Кыргыз Республикасындагы кеңешчиси, ПРООНдун Программасынын менеджери Лира Джолдубаева, сүйлөдү. Ал ушул темада жүрүп жаткан процесстерди белгилеп, Кыргыз Республикасынын калкынын бардык катмарын тартуу зарылдыгын белгиледи жана УАСга сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча БУУӨПтүн иш-аракеттери жөнүндө кыскача маалымат берди.

Андан соң жетекчи Адил Нурбеков долбоорду ишке ашыруу боюнча Орхус Борборунун иши жөнүндө маалымат берди – ал семинардын катышуучуларына аткарылган иштер жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди. Кийинки сөз кезеги БУУӨПтүн Кыргызстандагы УАСы өнүктүрүү боюнча долбоордун координатору Ысабекова Бактыгүлгө берилди, Ал “Кыргыз Республикасында Париж келишимине Улуттук аныкталган салымдарды иштеп чыгуу процесси” жөнүндө баяндама жасады. Угуучуларга Кыргызстандагы УАСды өнүктүрүүнүн жүрүшү жөнүндө, түздөн-түз УАСдар менен иш алып барган 5 ар кандай тармактарда (экономика, социалдык чөйрө, жеке сектор) түзүлгөн жумушчу топтор жөнүндө айтып берди.

Алардын артынан ПРООНдун климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттер Зоя Кретова жана Анна Кириленко да сөз сүлөйдү. Зоя “Кыргыз Республикасында Климаттын Өзгөрүүсү: Негизги Тренддер жана Чакырыктар” аттуу презентация жасап, анда Кыргызстандын жашоочуларынын бир нече жыл ичиндеги климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жашоо-турмушунун абалы жөнүндө кызыктуу маалымат берди келечекке.

Анна Кириленко климаттын өзгөрүшүнүн таасири контекстиндеги гендердик теңчилик жөнүндө маалымат берди. Анын презентациясынын темасы катышуучуларды кызыктырды, аларда көптөгөн суроолор жана сунуштар болду.

Семинардын аягында айрым катышуучулар көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн белгилешти жана УАСда сунуштарды чогултуу процессинде калктын маалымдуулугун жана иш-чараларын улантуу керек.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *