Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: Бишкекте тегерек столдо жерди эффективдүү пайдалануу аркылуу каржылык көз карандысыздык талкууланды

2025-жылдын 21-майында Бишкектеги Орхус Борбору Плаза мейманканасында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргызстандын Жер жана токой пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте “АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ФИНАНСИЯЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН ЖОЛдору” деген темада тегерек стол өткөрдү.

Бул тегерек стол ишкердикти туруктуу өнүктүрүү үчүн аялдардын жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу укуктары тууралуу маалымат берүүгө багытталган.

Негизги баяндамачылар Ассоциациянын кызматкерлери жана эксперттери болушту
“Аялдардын жерге болгон укуктары – мыйзамдык негиздери жана практикасы”, “Жер аялдардын финансылык көз карандысыздыгы үчүн ресурс катары”, “Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу”, “Аялдардын үй чарбасы жана бизнести өнүктүрүү үчүн ресурстарга жеткиликтүүлүгү” деген 4 презентацияларды тартуулашты. Иш-чарага Чүй районундагы ар кайсы чарбалардын өкүлдөрү, айыл чарбасында иштеген жалгыз бой аялдар, адистер, экологдор катышты.

Бул тегерек стол жемиштүү болуп, катышуучуларга үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга, аялдарды өз көндүмдөрүн колдонууга тартууга жана кирешелерди ийгиликтүү алуу үчүн укуктарын колдонууга, ошондой эле аялдардын жер тилкелерине жетүүдөгү тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.

Бул окуя Кыргызстандын бардык аймактарында көптөгөн коомдук уюмдар тарабынан белгиленип жаткан Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100-жылдык мааракеси жылында болгонун да белгилей кетүү керек.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *