Көлмөлөрдү тазалоонун Эл аралык күнү

2023-жылдын 16-сентябрында Чолпон-Ата шаарынын шаардык пляжында, Көлмөлөрдү тазалоонун Эл аралык күнүнө карата, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган экологиялык акция өткөрүлдү.

Экологиялык акциянын максаты: Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо, курчап турган чөйрөнүн булганышын алдын алуу үчүн коомчулуктун көнүлүн буруу.

Экологиялык акцияга  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кенсесинин башчысынын орун басары Е.Накашидзе, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы М.Кыштообаев, Финляндия мамлекетинин «КG ZET Вода Иссык-Куль» долбоорунун менеджери К.Элохеймо, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун жетекчиси А.Шамсутдинов, Чолпон-Ата шаарынын банктарынын, Ысык-Көл тарыхый музейинин, музыкалык окуу жайынын, «Кыргызтелеком» ишканасынын кызматкерлери, А. Осмонов жана И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинин окуучулары, жалпы 85 киши  катышты.

Акциянын алдында катышуучулар тарабынан, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү сактоонун маанилүүлүгү, таштандылар боюнча дүйнө жүзүндө болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу айтылып, акциянын катышуучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

Катышуучуларга мээлейлер, таштанды салуучу баштыктар таратылып берилип, бөлүнгөн участокторду тазалашты.  «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери бул күнү суунун алдынан 1 тоннадан ашык ар кандай таштандыларды алып чыгышты. Ал эми көлдүн жээгинен 2 тоннадан ашык таштандылар чогултулуп, «Тазалык-Чолпон-Ата» муниципалдык ишканасынын атайын техникасы менен санитардык-техникалык полигонго ташылып чыгарылды.

Ушул эле күнү Финляндия мамлекетинин «КG ZET Вода Иссык-Куль» долбоорунун адистери окуучуларга кумдун курамынан майда пластиктерди алуу боюнча практикалык иштерди уюштурушту.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *