Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кароосуз калган сымап өндүрүшүнүн объектилерине жүргүзүлгөн баалоо жана изилдөө жөнүндө маалымат

2017 – жылдын 09 – 10 – ноябрында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылык колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн Газан-Тоо участкасында жайгашкан мурдагы сымап өндүрүүчү заводунун объектилеринин учурдагы абалына изилдөө жана баалоо жүргүзүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ГИЭТБнин Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча башкармалыгынын Өнөр-жай коопсуздугу жана тоо көзөмөлү боюнча улуу инспектору К. Камалов, ушул эле уюмдун Экологиялык коопсуздук боюнча  инспектору Ж. Дыканов, Чаувай айыл өкмөтүнүн инспектору К. Джоробаев, “Чаувай-Кен” ЖЧКасынын башкы инженери А. Артыкбаев, БатМУнун Кызыл-Кыя Педагогикалык Институтунун кафедра башчысы А. Абдибаитова   жана Ош шаарындагы Орхус Борборунун кызматкерлери К. Исабаев жана Т. Жумабековтор катышышты.

Изилдөөнүн жана баалоонун жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:

 

  1. Бардык объектилерде калыбына келтирүү жумуштары жасалган эмес жана консервацияланбаган;
  2. Бул участкада 2015-жылдан бери “Чаувай-Кен” ЖЧКасы сурьма өндүрүү боюнча иш алып барууда;
  3. Изилдөөнүн жана баалоонун жүрүшүндө мурдагы сымап өндүргөн темир өндүрүүчү заводунун кароосуз калган 14 объектиси аныкталды. Алардын ичинен 12 штолня, 2 шахта. Үйүлүп жаткан таштандылардын (күйүндүлөр, керексиз таштандылар) жалпы көлөмү 4 млн тонна;
  4. “Чаувай-Кен” ЖЧКасынын комбинатынын калдыктары Газан-Тоо участкасынын эски штольняларына жеткирилип сакталууда;
  5. 2017-жылдын июль, август айларында Чаувай айыл өкмөтүнүн аймагында “Кирекс оф минералс” ЖЧКасы тарабынан геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн;
  6. Изилдөөнүн жана баалоонун аягында катышуучулар Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бакиров менен объектилердин учурдагы абалын жана маселенин келечектеги чечүү  жолдорун талкуулашты.

 

Изилдөөнүн жана баалоонун алкагында катышуучулар Кадамжай Райондук Мамлкеттик Администрациясынын башчысы-аким Ж. М. Исаков менен жолугушушту. Жолугушууда катышуучулар акимге изилдөөнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча маалымат беришти жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жолдорун талкуулашты.

Маселени чечүү боюнча Ж. М. Исаков төмөндөгү жолдорду сунуш кылды:

– Суунун сапатына мониторинг жүргүзүү,  Райондун Санитардык эпидемиологиялык борбордун лабораториясын катыштыруу менен ичүүчү суунун анализин алуу жана аныктоо;

– жергиликтүү ресурстарды тартуу менен кооптуу объектилерди королоо;

– маселени чечүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу жасоо;

– жергиликтүү жашоочуларга, кен казуучу жана геологиялык чалгындоочу компаниялардын кызматкерлери үчүн коопсуздук боюнча тренингтерди уюштуруу;

– айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын, коомдук уюмдардын, токой чарбасынын катышуусу менен аймакты тазалоо жана көчкү коопсуздугу бар жерлерге көчөттөрдү отургузуу боюнча субботниктерди уюштуруу;

– кен казылган объектердин жана калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо боюнча коомдук мониторинг уюштуруу;

– ооруларды аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;

– текшерүүчү органдардын катышуусу менен кароосуз калган сымап өндүрүлгөн объектилердеги көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн жолугушууларды уюштуруу.

Чаувай айыл өкмөтүнүн өкүлү №1-чи шахтанын оозун бетондоого жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы чөгүп кеткен үч участкадагы тобокелчиликти азайтуу үчүн жергиликтүү фонддон жардам берүүнү суранды.

Катышуучулар бардык сунуштарды талкуулашып, бул маселени чечүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга чечим кабыл алышты.

Бул изилдөө жана баалоо ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан ГИЭТБнин Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча Аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

 

 

Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *