Кан-Ачуу жана Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш парктарын коргоону жакшыртуу максатында тегерек стол өткөрүлдү.

2022-жылдын  28-июлунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын(РМА) башчысы-аким Мирлан Карагулов, биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу менен жолгушуу болду.

Бул жолугушууга КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы С. Томаев, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюумунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү С. Рыскулова, Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышышты.

Жолугушууда райондук мамлекеттик адмиистрациясынын, өзүн өзү башкаруу органдарынын адистери менен биргеликте мамлекеттик жаратылыш парктарын(МЖП) жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  кызматташуу талкууланды. Республиканын аймагында өтүп жаткан “Жашыл Мурас”,  “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын туруктуулугу” жылына байланыштуу аткарылып жаткан иш-чараларды талкуулашты. М. Карагулов Орхус Борбору тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралар маанилүү экендигин белгиледи.

29-июлда Каргалык айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Ош шаарындагы Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында КР ЖРЭТКМ Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы(ЖРБ) менен биргеликте тегерек стол өткөрдү.

Бул иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин,  Тогуз – Торо РМАсынын, Атай, Көк-Ирим, Каргалык, Сары-Булуң, Тогуз – Торо айыл өкмөттөрүнүн, КР ЖРЭТКМ ЖРБнын, Кан-Ачуу жана Саймалуу-Таш МЖПнын адистери катышышты.

Бул тегерек стол жергиликтүү тургундардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, МЖПтарынын адистеринин өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы потенциалдарын жогорулатуу жана өз ара аракеттенүүсүн, кызматташуусун жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Тогуз-Торо РМАсынын башчысынын биринчи орун басарына, КР ЖРЭТКМ ЖРБнын башчысына, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адисине сөз берди.

Тогуз-Торо РМАсынын башчысынын биринчи орун басары Д. Тагайбек уулу катышуучуларды тегерек столго активдүү катышып, алган маалыматтарын калк арасында жайылтууга чакырды.

КР ЖРЭТКМ ЖРБнын башчысы С. Томаев МЖПтарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо мыйзамдарды так аткарууга чакырып, айыл өкмөт башчыларынан айлана-чөйрөнү коргоо жаатында ар кандай иш-чараларды иш планга киргизүүнү суранды.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адиси С. Рыскулова катышуучуларга ЕККУнун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, Орхус Борбору менен кызматташууга чакырды.

Кан-Ачуу, Саймалуу-Таш МЖПрынын мүдүрлөрү С. Асылбеков, А. Монкоев парктардын ишмердүүлүгү боюнча жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, коомчулук, мектептер менен болгон кызматташуу иш-чаралары жөнүндө  кенен презентация жасашты.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев катышуучуларга Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча жана КР “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары”, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу”, “Айлана-чөйрөнү коргоо” жөнүндө мыйзамдары боюнча кеңири  презентация жасап, өзүн өзү башкаруу органдары, жергиликтүү тургундар жана коомдук бирикмелердин укуктары жана милдеттери тууралуу толук маалымат берди.

Экология тармагындагы көз карандысыз эксперт Г. Соронкулов өзүн өзү башкаруу органдары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын адистери, коомдук бирикмелер менен биргелешип иш алып баруу жана кызматташуу боюнча маалымат берип, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы бир топ жетишкендиктерди айтып берди. Ошондой эле www.ecomap.kg сайтына кирип экологиялык карта менен тааныштырды. Картада белгиленген бүгүнкү күндөгү экологиялык көйгөйлөргө токтолду.

Катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тийиштүү адистер так жана толук жооп беришти.

Жаратылыш парктарынын адистерине кызматташууну алдыга жылдыруу максатында сунуштар жана чечүү жолдору сунушталды. Парктардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында бир топ долбоорлорду, анын ичинен сүрөт капкан(фото ловушка) аппаратына, дрондор менен камсыз кылуу боюнча долбоор жазуу сунушталды.

Кан-Ачуу МЖПкынын мүдүрү илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү жакшыртуу максатында Орхус Борбору жана жогорку окуу жайлары менен биргеликте экспедицияларды жүргүзүүнү суранды.

Андан соң тегерек столдун катышуучулары менен талкуу жүрүрүп төмөнкү көйгөйлөр айтылды:

  • Эндик жана башка даары чөптөрүн массалык түрдө казып алуу;
  • Жайыт жерлерин туура эмес пайдалануу;
  • Тиричилик катуу калдыктары(ТКК) полигондорун түзүү көйгү.

Жайыт жерлерин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоону, малдын санынан сапатына өтүүнү, ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү, калк арасында эндик жана даары чөптөрүн казып алууну токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. ТКК полигондоруна жерлерди которуу(трансформация) боюнча чыгарылган убактылуу жобо жана калдыктар менен иштѳѳ жаатындагы мыйзамдар, токтомдор менен айыл өкмөт башчылары камсыздандырылды.

Катышуучулар Кайың-Суу участогуна байкоо жүргүзүштү. Бул участокто кар турбагандыгына байланыштуу, кышында Кан-Ачуу МЖПкынын жаныбарларынын миграциясы байкалат. Натыйжада мергенчилерге(браконьер) шарт түзүлөт. Буга байланыштуу Кайың-Суу участогун МЖПтын аймагына кошуу пландалып жаткандыгын парктын мүдүрү билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР курчап турган чѳйрѳнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү укутук-ченемдик актылардын жыйнагы (Бишкек шаары 2020-ж.), КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттары, “Борбор Азия тоолорун жаратылышын сактоо” аталышындагы китепчелер катышуучуларга таратылды. Ушул эле плакттар орто мектептерге таратуу үчүн экология боюнча мамлекеттик инспекторго тапшырылды.

Бул иш-чарага жалпысынан 25 киши катышышты.

Тегерек столдун аягында борбордун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга даяр экендигин билдирди.

 

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *